Өлгөн бөбөктүн денесине баңгизат катып...
Кыргызстандагы апийим өстүрүлгөн азаптуу жылдардын баяны
Өлгөн бөбөктүн денесине баңгизат катып...
Кыргызстандагы апийим өстүрүлгөн азаптуу жылдардын баяны
Кезинде Кыргызстан СССРдин 80, дүйнөнүн 16 пайызын апийим менен камсыздап турган
Ал жылдары өлкөдө кылмыштуулук болуп көрбөгөндөй күчөп, баңгизатты колдонгондордун саны өскөн. Айласы кеткен кыргыз милициясы башка республикалардагы кесиптештерин жардамга чакырса, ал эми абалга көз салган республика жетекчилери бушайманга түшкөн.

Бул ирет союз мезгилинде көпчүлүктү сестенткен, түйшөлткөн жылдарды баяндап беребиз.
Кытайга ташылган апийим
Кыргызстандын аймагында апийим Октябрь революциясына чейин эле өстүрүлүп, Кытайга сатыкка кымбат баада жөнөтүлүп турган. Ага көнүп калган кытай жарандары да арбын болгон. Совет бийлиги Жети-Суу облусуна орногондон кийин апийимди уруксаты жок өстүргөндөргө жаза каралып, бир катар чектөөлөр киргизилет. Мурда ээн-эркин өстүрүп, жыйналган түшүмдү Кытайга алып баргандардын жолу тосулуп, иши солгундаган. Айрым окумуштуулар Кыргызстанга апийимдин уругу XIX кылымдын 70-жылдары Кытайдан алып келинип, талаага себиле баштаганын айтып келишет.
СССРди камсыздаган Кыргызстан
Союз маалында апийимди дарылык максатта өстүрүү Ысык-Көлдө улантылып, бара-бара Чүй, Талас, Нарын облусунун айрым райондорунун аймагына да айдай башташкан. Өзгөчө тоолордун курчоосундагы, суусу кенен Ысык-Көлдө себүү приоритет катары каралган. Анткени Казакстан, Украинада өстүрүлгөн апийимдин морфиндүүлүгү бир-эки гана пайыз болсо, көлдө өстүрүлгөн түрүндө 10-12 пайызга чейин жеткен.
Ал эми согуш жылдары апийимден жасалган дары-дармектер жарадар болгон жоокерлерге кеңири колдонулуп, ага суроо-талап жогорулаган. Мындан улам кыргызстандык апийим өстүрүүчүлөр алдында СССРдин сапаттуу морфин даярдоосу үчүн апийим менен камсыз кылуу милдети турган.

Апийим өстүрүү кара күчтү көп талап кылган. Аны себүүдө гана техника колдонулса, калган жумуштарды жергиликтүүлөр моюн оорутуп, кол жоорутуп жасашкан. Түшүмдү жыйноо маалында талаага 50 миңдей кыз-келиндер, эркектер, өспүрүмдөр күндө чыкчу.
Өмүрбек Асанов
Жети-Өгүз районунун тургуну Өмүрбек Асанов апийимди өстүрүүнү аки-чүкүсүнө чейин билет. 83 жаштагы пенсионер апийим айдаганга ар бир үй-бүлөгө атайын аянт бөлүнүп берилип турганын эскерет.
"Мен бала кезимден баштап апийимди отоп, сугарып, түшүмүн чогултуп чоңойдум. Көбүнчө кыроо түшкөн ойдуң, кокту-колотторду түздөп, малалап сээп, өскөндө кадимкидей оточубуз. Бышкан кезде апийимдин башын кечке маал кесчүбүз. Сүтү кичине кургаганча таңкы саат төрттөн баштап кыроо кеткенче башка аспап менен кырып алчубуз... Жыл сайын апийим өстүрүүгө ар бир үй-бүлөгө жер бөлүнөр эле. Талаада милиция чоң секини орнотуп алып ошонун үстүнөн байкоо салып, карап турчу. Айылда аны уурдап, сатып байып кеткендер да болгон", — деди Асанов.
Бара-бара тажрыйба топтоп, апийим өстүрүүнүн ыгын таап алган жергиликтүүлөр бир гектар жерден 60 килограммдан ашык түшүм алганга жетишкен. Жыйынтыгында дыйкандар мамлекетке жүздөгөн тонна апийим өткөрсө, Москва андан ондогон тонна өтө зарыл дары-дармек өндүрүп турган. 1960-1970-жылдары Кыргызстан дүйнө жүзүндө колдонулган апийимдин жалпы көлөмүнүн 16 пайызын камсыздаган.
Мындан сырткары, Кыргызстандын айыл чарбасында апийим өстүрүү эң негизги багыттардын бирине айланып, жергиликтүү бийлик андан жакшы киреше тапкан. Окумуштуулар бул өсүмдүк тууралуу абдан көп илимий эмгектерди жазган. Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы зоналык сыноо станциясында "Тянь-Шань 27", "Тянь-Шань 20", "Пржевальский 46", "Тарбагатай 20" өңдүү түшүмү мол апийимдин жаңы сорттору иштелип чыккан.
Кыргызстанга агылган кылмыштуу топтор
Жыл сайын түшүм жыйноо маалында СССРдин булуң-бурчунан эс алуучу катары келип Ысык-Көлдө апийим сатып алууга аракет кылгандардын саны өскөн. Мамлекет колхозчулардан бир килограмм апийимди 11 рублдан сатып алса, сырттан келгендер 600 рублга чейин сунуштачу. Баңгизат башка шаар, республикага жеткенде баасы бир нече миң рублга чейин жетчү. Андай чоң акчага кызыккан жергиликтүүлөр четтен келген ортомчу, кылмыштуу топтун сунуштарына азгырылып, талаадан апийимди уурдашкан. Эл арасында аны алтынга, малга, курал-жаракка, акчага, тамак-ашка, кийим-кечеге алмаштырган.
Талаада уурдалган апийимди кымтып алуу жолдору:
1
Айнек идишке же полиэтилен баштыкка салып жерге көмүп коюп, кийин алып кетишчү;
2
Апийим чогулткан аялдар чачына, койнуна, кийимине, баланы эмизип жатканда жалаягына катып коюшчу;
3
Ата-энесин ээрчип келген балдар алып кетчү. Себеби аларды милиция текшерчү эмес;
4
Андан сырткары, ээрчип келген ит, мышыкка кожоюндары апийимди байлап коюшчу.
1968-жыл, 26-январь, ИИМдин архивиндеги маалым кат
Карпек Курманов
КРде биринчилерден болуп баңгиликке каршы күрөшүү боюнча илимдин кандидаттыгын жактаган окумуштуу Карпек Курманов өзүнүн автобиографиялык эмгегинде 60-жылдардын соңунда Ысык-Көлдүн айылдарынын бириндеги абалды мындайча сүрөттөгөн.
"Үч жыл Ысык-Көлдө милиция менен жүрүп талаадан, кампадан апийимди уурдатпоонун түрдүү жолдорун, ыкмаларын издедим. Айылдарга барганда эшик-терезеси талкаланып каралбай калган далай үйлөрдү өз көзүм менен көрдүм. Сураштыра келсең, анын ээси же аялы апийим уурдап камалып кетсе, уул-кыздары балдар үйүнө өткөрүлгөн болот. Ошолордун баарын көрүп элдин арасында камалгандардын санын азайтуу үчүн бир нерсе кылуу зарыл экенин, аларга карата жазалоочу ыкмаларды гана колдонуу — улуттук генофондуна коркунучтуу таасир бере турганын түшүнчүмүн", — деп жазган Курманов.

Александр Зеличенко
Милициянын полковниги Александр Зеличенко апийимдин айынан Ысык-Көлдө бир үй-бүлө бала-бакырасы менен өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн учурду эскерди.
"Ысык-Көлгө кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги болуп келгениме үч жума эле болгон. Жети-Өгүз районунун Саруу айылында апийимди алып-сатып иштейт деген кишинин, анын келинчегинин, кичинекей үч баласынын түндө өз үйүндө атып өлтүрүлгөн кандуу окуясына туш болдум. Үйүнө кирсем башына ок жеген кичинекей балдар көздөрү ачык, ата-энеси да ошол эле бөлмөдө жансыз жатат. Ошол кылмыш ишин ачуу үчүн республикадагы күчтүү тергөөчүлөр чогулуп атайын топ түзүлүп, түбү ошол айылдан чыккан милиционерлерди кичи мекенине алып келип, колуна аракка тыйын берип эл аралап маалымат тапкыла дечүбүз. Тергөөдө анын аркасы менен толтура башка кылмыштардын бети ачылган. Ал жылы катылып жаткан эски алтын тыйындарды, ири көлөмдөгү апийимди таап чыгып мамлекетке өткөрүп бергенбиз. Жергиликтүүлөр мыйзамсыз колдонуп жүргөн курал-жарактарды чогултканда бир жүк ташуучу автоунаа толуп калган. Аны жүктөп Фрунзедеги лабораторияга текшерүүгө жөнөткөнбүз. Ошончо күчтүү адистер чогулуп иликтесек дагы ошол трагедиялуу иштин аягына чыккан эмеспиз", — дейт Зеличенко.

Апийим сатып алууга сырттан келгендер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине чейин кол салып, төбө чачты тик тургузган кылмыштарга барган. Мисалы, Ысык-Көлдүн бир районунун жетекчисинин башын кесип кеткен факты катталган. Ал окуя республикалык деңгээлдеги ызы-чууга айланган. Алардын көпчүлүгү гезит беттерине, радиого чыкпай, теледе көрсөтүлбөй, жашыруун бойдон калган. Андан сырткары, погончондор Боом капчыгайындагы кызыл көпүрөдө автоунааларды текшерип жүрүп, автобустан бир келинди апийим менен колго түшүргөн. Шектүү аялдын колундагы төшөккө оролгон ымыркайдын курсагынан жети килограмм апийим таап чыккан. Өлүк наристени көргөн милиционерлердин өздөрүнүн да жүрөгү түшүп калган.
Эл башындагылардын жүрөгүнүн үшүн алган
60-70-жылдары Кыргызстандын сегиз районунда апийим эгилип, андан улам кылмыштардын саны кескин жогорулаган. 1969-71-жылдар аралыгында апийим менен 1 345 адам колго түшсө, анын 42си жашы жете элек, 596сы 18 жаштан 29 жашка чейинки курактагылар болгон. Ошондой эле талаада апийим уурдоого кыз-келиндер да аралашып, жашы-карысы дебей анын даамын таткандар көбөйгөн. Жада калса, аны мектеп окуучулары пайдалана баштаган. Бир жылдары кыргыз милициясы талаадагы түшүмдү кайтарууга күчү жетпей калганда башка союздук республикалардан жүздөгөн курсант, аскер кызматкерлерин, кинологдорду жардамга чакырууга мажбур болгон.
Тимур Исаков
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин эксперти, укук коргоо органдарында 45 жылдан бери иштеген отставкадагы полковник Тимур Исаковдун ал иштерге уюшкан кылмыштуу топтор катышкандыгын четке какпайт.
"ИИМдин архивиндеги эски иштерди карап чыксам, ал документтерде Кыргызстандын апийими Түркмөнстан, Казакстан, Москва, Сибирге чейин жеткирилгендиги көрсөтүлгөн. Ага кылмыш дүйнөсүндөгү уурулардын, уюшкан топтордун аралашкандыгын байкоого болот. Кылмышкерлердин жалпы кассасындагы акчага апийимди сатып алып түрмөлөргө киргизишкен. Аларга уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү аралашкан. Ал жылдары жөнөкөй адамдар каргашалуу бул зат менен алектенип, дыйкандардан сатып алып ташууга дааган эмес", — деди Исаков.
Кыргызстанга апийим сатып алуу үчүн келип кармалгандар
(1962-67-жылдар)
Сатып алгандар автоунаа, темир жол, учак менен башка республиканын аймагына өткөрүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында апийимдин айынан темир тор артына камалгандардын саны өсүп гана тим болбостон, башка республиканын жарандары да жапа чеккен. Ысык-Көлдүн апийими ортомчулар аркылуу Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Закавказье, жада калса Иранга чейин жеткен.
Турдакун Усубалиев
Ошол кезде Кыргыз ССРин башкарып турган Турдакун Усубалиев өзүнүн китебинде ал учурду минтип баяндаган.
"Алгач биз чоң өлкөнү дары-дармек сырьёсу менен камсыздаган негизги республика болгонубузга сыймыктанчубуз, апийим өстүргөндөр өзүнчө эле эйфорияда жүрүшкөн. Апийим өндүрүшүн жогорулатып жатканда биздин республикага өлгүдөй коркунучтуу баңгилик — XX кылымдын чумасы келе жатканын билбептирбиз. Баңгизатка жетүүнү көздөгөндөрдү эч нерсе токтото албай калган. Алар талаада иштегендерге түшүм жыйнаганга чейин эле чоң акча берип жергиликтүүлөрдү мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбур кылган. Эгер ошол убакта апийим өстүрүү токтотулбаганда азыр эмне болмокпуз билбейм. Миңдеген адам ден соолугунан айрылып, Кыргызстан баңгизат менен шуулдангандардын ордосуна айланмак", — деп жазган Усубалиев.
Кыргыз бийлигин түйшөлтүп, түн уйкусун бузган көйгөй 60-жылдардын башында Москвага кабарланган. Эл башында тургандар коңгуроо кагып, апийим өндүрүшүн токтотууну сунуштаган. Себеби анын кесепетинен көпчүлүк кыргызстандыктар жапа чеккен жана аны өстүрүү келечек муун үчүн өтө кооптуулукка айланып бара жаткан.
Жамин Акималиев
Айыл чарба тармагынын ардагери, профессор Жамин Акималиевдин пикиринде, апийимди өстүрүүнү токтотууда Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиевдин эмгеги зор болгон.
"Союз маалында Ысык-Көлдүн апийими сапаты боюнча дүйнө жүзүнө эталон болчу. Экономикалык жактан республикага жакшы эле пайда алып келген кирешелүү өсүмдүк эле. Бирок ал эл арасында баңгизат катары кеңири колдонулуп балакетке айланган. Аны колдонгондор көбөйүп, кылмыштуулук күч алганда Турдакун Усубалиев Москвага кайра-кайра барып жүрүп апийим айдаганды токтотконго эптеп көндүргөн. Негизи борбордогу Мамлекеттик пландоо комитетин андай сунуштарга оңой менен макулдатуу мүмкүн эмес эле. Ага чейин Исхак Раззаков дагы аракет кылганын замандаштарынан угуп калгам. Менимче, Раззаков менен Усубалиевдин ошол аракети элге жасаган акылмандыгы, баа жеткис иши болгон. Алардын көрөгөчтүгү менен улуттун саламаттыгы сакталып калган", — деди Акималиев.
Ошентип, 1974-жылы гана СССР Министрлер Совети Кыргызстанда апийим өстүрүүнү токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат. Ал чечимди көпчүлүк кыргызстандыктар кубануу менен кабыл алган.
Баңгиликтин азабын тарткан эл
Бирок апийимдин таасири Кыргызстандан көпкө чейин кеткен эмес. Убагында кынык алып калгандар аны мыйзамсыз тоо-таш, кокту-колотторго өстүрүүгө, түрмөгө камалып чыккандар көнгөн иши менен эле алектенүүгө аракет кылган. Апийимсиз жашай албай калгандар анын азабын далайга чейин тарткан.
Элмира Исраилова
Борбор калаада 40 жылга жакын убакыттан бери дарыгер-нарколог болуп иштеген Элмира Исраилова ошол кезде ооруканага түшкөн бейтаптардын арасынан бай, колунда бар аялдарды да кездештиргенин айтат.
"Мен 1984-жылдан бери наркологияда иштеп келем. Ошондо деле бизде апийимге көнүп алгандар толтура эле. Бул баңгиликтин эң коркунучтуулугу — адам бир жолу сайынса эле көнүп калат. Андан соң кусуп-чычып, оозу-мурдунан токтобой шилекейи, маңкасы агып, шалдырап ал-күчтөн таят. Дене-башынын баары сыздатып, эч кимди жактырбай уйкусу качат. 90-жылдардын башында ашыкча доза сайынып алып каза болгондор көп болду. Бара-бара баңгилер өз дозаларын билип алышып, катуу кыйналган шериктерине өздөрү эле жардам берип коюшчу. Узак убакыттан бери колдонуп жүргөндөрдүн кан тамыры табылбай калганда алаасына сайышчу. Ал жердеги кан тамыр көп колдонулгандыктан чоң жара пайда болуп, айрымдарынын алаасы оюлуп кетчү. Ал жылдары кары-жашы дебей колдонушчу. Күйөөлөрү же күндөштөрү колунда бар аялдарды, көңүлдөштөрүн апийимге көндүрүп коюшчу. Колунда бар, жакшы турган аялдардын аркасы менен эркектер издегенин бат таап, чогуу сайынып коюп жүрө беришчү. Бизге түшкөн бейтаптар апийим өтө кымбат болгондугуна карабай оор кылмыштарды жасап тапкан фактылар аныкталган", — деди Бакирова.
Дарыгер-нарколог акыркы жылдары кыргызстандыктар арасында апийим колдонгондор кескин азайып, таза эмес, түрдүү кошулмалары бар баңгизаттарды пайдалангандар көбөйгөнүн кошумчалайт.
Эмне болмок эле...
Жылдар өтүп, апийимдин элге тийгизген кесепети унутулуп калганда түрдүү күчтөр өлкө аймагында аны өстүрүү демилгесин көтөрөт. "Баңги саясатынын борбор азиялык борбору" коомдук фондунун жетекчиси, милициянын полковниги Александр Зеличенко апийимдин жыргалынан азабы көп экендигин дайым эскертип келет.
"Менин эсимде. 90-жылдары Кыргызстанда апийим өстүрүүнү кайрадан жандандыруу маселеси жабык эшик артында, тар чөйрөдө каралган. Ал жөнүндө маалымат көп узабай эл арасында тарап кеткенде Кыргызстандагы белгилүү эле адамдар Ысык-Көл аймагынан толтура жерлерди, үйлөрдү сатып ала баштаган. Биздеги айрым саясатчылар Кыргызстан кыйын учурга кептелгенде эле апийим өстүрүүнү жандандыруубуз керек деп чыгышат. Биз антсек, өлкөдө согуш башталат. Мен аларга "бул кооптуу нерсе, андан эч нерсе коргой албайт" деп жооп берем. Мына, Афганистанда эле учурда баңгизат колдонгон 2,5 миллиондой адам бар. Алар Кабулдун борборунда көпүрөнүн алдында тизилип отуруп алышат. Полиция кармап кетип ооруканага жаткырат. Бирок алар кайра эле топтолуп алышат. Алардын арасында ВИЧ/ СПИДге кабылгандар, башка илдеттер менен ооругандар толтура. Мамлекети азыр бул жарандарын эмне кыларын билбей отурат. Дегеним, апийим өзү менен кошо толгон-токой көйгөйлөрдү алып келет. Элдин ден соолугу начарлайт, демографиялык көрсөткүч төмөндөйт, көмүскө экономика күч алат, кылмыштуулук көбөйөт. Кыскасы, жыргалынан азабы көп", — дейт ардагер милиционер
Эгер мындан 47 жыл мурда Кыргыз ССРинин аймагында апийим өстүрүү толук токтотулбаганда улуттун, мамлекеттин келечеги кандай болорун элестетүү өтө кыйын...
Автор
Мирбек Сакенов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Дизайнерлер
Даниил Сулайманов, Тьерри Махасуру

Видео, фото
Мамлекеттик кинофонофотодокументтердин борбордук архиви, Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргыз фильм" киностудиясы, Ысык-Көл облустук архиви

Маалымат булагы
Борбордук мамлекеттик архиви, Ысык-Көл облустук архиви, Аскар Жакишевдин "Хрестоматия по истории милиции Кыргызстана (1924-1991 гг.)" китеби, Карпек Курмановдун "Исповедь юриста" автобиографиялык чыгармасы, Турдакун Усубалиевдин "Надо знать прошлое, чтобы не ошибаться в будущем" китеби, Бириккен Улуттар Уюмунун "Столетие контроля над наркотиками" жыйнагы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасы, Жамиля Мажундун илимий макалалары, ачык маалыматтар
Жаңылыктар түрмөгү
0