Кыргызстандын тагдырын чечкен 12 күндүн баяны: СССР, путч, эгемендүүлүк
Кыргызстандын тагдырын чечкен 12 күндүн баяны: СССР, путч, эгемендүүлүк
Бул материалда СССРдин кулашынын, дүйнөдөгү ири державалардын биринин ыдырашынын себептерин жана кайсы мезгилде эл жыргап жашаганын издебейбиз. Тескерисинче, өлкөнүн тарыхындагы маанилүү убакытта Кыргызстандын бийлигинде кандай окуялар болгонун айтып беребиз.
"Эгер танкалар пайда болсо, аларды сулуу кыздар гүл менен тосуп алышсын. Танкисттерге суу, тамак-аш берип, күлүп-жайнап тосуп алгыла! Жаш жоокерлер — жетекчилиги эмнеге жумшап жатканын билбеген балдар. Эл аларды өз баласындай, жакынындай жайдары тосуп алса, жоокерлер ою бузук буйруктарды аткарбайт", — деп ИИМ башчысы Феликс Кулов инструкция өткөргөн.
19-август, 1991-жыл. Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялоого 12 күн калды...

Мындан 30 жыл мурда республика тарыхынын жаңы барактары жазыла баштаган. Өлкөнүн тагдырын чечкен урунттуу учурду, окуяларды ал процесстерге катышкандардын эскерүүлөрү менен баяндап беребиз.
Кыргызстандын тунгуч президенти кантип шайланган?
Кыргызстандын тунгуч президенти кантип шайланган?
Алгач сөздү 1990-жылдан баштайлы. Ал жылы республиканын өзүнүн президенти шайланып, андан соң өлкө мамлекеттик суверендүүлүккө жетишкен.

Ал мезгилдин шайлоосу азыркыдан бир топ айырмаланган. Биринчиден, Кыргыз ССРинин биринчи президентин депутаттар тандаган. Экинчиден, алардын саны 90 же 120 эмес, 350 болгон. Ошондуктан добуш берүү оңой-олтоң эле өтүп кеткен эмес.
"Отурумдун төртүнчү күнү абдан кызуу өтүп, кызыл чеке болуп, эмоциялар үстөмдүк кыла баштады. Айрым депутаттар өздөрү кабыл алган регламентти көзгө илбей, төраганын "тынчтанып, маселени токтоолук менен чечели" деген сунушуна моюн сунбай залда орнотулган микрофондорду тартып алып, трибунаны ээлеп алышкан".

("Слово Кыргызстана" гезитинин 1990-жылдын 26-октябрындагы санындагы КирТАГдын маалыматы)
Депутаттар микрофонго чыгып президенттикке талапкерлерди сунуштай алган. Анын жыйынтыгы менен тизмеге үч талапкер кирген. Алар — Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Жумгалбек Аманбаев эле. Бирок алардын бирөөсү дагы зарыл болгон добушту ала алган эмес.
Эл өкүлдөрү кайра добуш берип Масалиев менен Жумагуловдун бирөөсүн тандайлы дешкени менен жеңүүчү аныкталган эмес. Масалиевдин президент болуп шайланышына төрт эле добуш жетпей калган.
Соңунда партиялык жетекчилер жеңилгенин сезип, шайлоонун жыйынтыгын таанууга аргасыз болушкан.
Өмүрбек Текебаев
1990-жылы "легендарлуу парламенттин" депутаты
"Масалиевдин биринчи президент болуп калууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ага чейин Кыргызстанда Ош окуясы болуп, андан улам таасири бошоңдоп калган. Ал эми партия жетекчилеринин шайлоонун жыйынтыгын күмөнсүз тааныганы ошол жылдары саясий маданият болгонунан, мыйзамга баш ийгендигинен кабар берет. Азыр андайды көрүү өтө кыйын".
Кийинки күнү депутаттар ал туңгуюктан чыгуу жолдорун талкуулайт. Бири мамлекет башчысын жалпы эл шайласын десе, экинчилери жагдайга карап эле мыйзамдарды өзгөртпөш керек дешкен.

...Ошол маалда алыскы Москвада академик Александр Самарский окумуштуу Аскар Акаевди кызы Бермет менен үйүндө коноктоп жаткан эле. Алар чай үстүндө илим жөнүндө, жашоо тууралуу кызуу баарлашып отурган.

"Бир маалда телефон шыңгырап калды. Биздин парламенттеги демократиялык фракциянын өкүлдөрү тез арада үйгө келишимди суранышты. Президенттик кызматка мени талапкер кылып сунуштоо жөнүндө сөз кылышты. Мен өзүм Люксембургдагы элчиликте иштеп жүргөн Чыңгыз Айтматов талапкерлердин бири болсун деп айткам. Бирок ал кишинин президенттик кызматка келүүгө ниети жок экен".

(Аскар Акаевдин " Памятное десятилетие" китебинен)

Эртеси да парламентте кызыл чеке талаш уланат. Ал жолку шайлоодо алты жаңы талапкер ат салышат.
Жашыруун добуш берүүдө бири дагы зарыл болгон добушту ала албай калып, экинчи турга Акаев менен Исанов гана өтөт.
Ошентип Аскар Акаев салтанаттуу ант берип, өлкөнүн тунгуч президенти катары кызматына киришет.
Президент Аскар Акаев иш бөлмөсүндө, 1992-жыл
Анын жеңиши Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанды өзгөчө орунга алып чыккан. Анткени ошол жылы коңшуларда республиканы партиянын лидери, биринчи катчылар көзөмөлдөп турган.
Өмүрбек Текебаев
"Депутаттар коммунисттик лидерди эмес, жаңы саясий толкундун өкүлүн тандаган. Менимче, ошол тандоо окуянын андан ары өнүгүшүнө олуттуу таасир эткен. Биз Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп өз суверендүүлүгүбүздү жарыяладык. Албетте, даталарда анча деле чоң айырмачылык жок. Бирок ал учурда окуялар ушунчалык тез өнүккөндүктөн бир күн бир жылга тете болчу", — деп эскерет Текебаев.
СССРдин акыркы күндөрүндөгү жашоо
СССРдин акыркы күндөрүндөгү жашоо
Башында өлкөбүздүн аталышы "Республика Кыргызстан" делген. Ал расмий аталышты 1990-жылы 15-декабрда депутаттар талашып-тартышып кабыл алган "Мамлекеттин суверендүүлүгү жөнүндө" декларациядан кездештирүүгө болот. Документте республикадагы мамлекеттик бийликтин маанилүү маселелери камтылган. Көп өтпөй, 1991-жылдын февралында, Фрунзе шаары Бишкек деп өзгөртүлөт.

Кыргызстандык саясатчылар андай өзгөрүүлөргө карабай, ошол жыл Советтер Союзу үчүн акыркы жыл болушу мүмкүн экендигин толук аңдаган эместир. Себеби 1991-жылы март айында өткөн Жалпы союздук рефендумда СССРди сактап калуу сунушун кыргызстандыктардын көбү колдоп берген.
Апас Жумагулов
1986-1991-жылдары Министрлер Советинин төрагасы, КРдин премьер-министри (1993 — 1998)
"Мен өзүмдү бактылуу адам деп эсептейм. Анткени союз учурунда өкмөттүн төрагасы болуп иштедим. Экинчи жагынан ал жылдары абалды көзөмөлдөп туруу өтө оор эле. СССР дароо эмес, акырындык менен кыйраган. Варшава келишиминин жоюлушу Кыргызстандын экономикасына чоң сокку урган. Коргоо ишканаларыбыз буюртмасыз калган. Ал ишканаларда миңдеген жумушчу эмгектенген!..

Азыр көпчүлүк менден "келечекти кандай элестеткенсиз, эмнеге СССРдин кулашына даярданган эмессиз" деп көп сурайт.

Мен "союзду реформалоодон, өз алдынча мамлекет болуудан көп нерсени күткөнбүз" деп жооп берем".
Ошол учурда бийликтин жасаган аракетине карабай көйгөй көбөйүп, өлкөнүн экономикасы коркунучта турган.
Аскар Акаев
1991-жылдан тарта Кыргызстандын президенти болгон
"Президенттиктин алгачкы жылдарындагы коомдун социалдык-экономикалык абалын эскерүү мен үчүн өтө оор. Буюртмалардын жоктугунан ишканалар токтоп калган. Азык-түлүктүн жоктугунан дүкөндөрдүн текчелери бош калып, нан менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, сүт, кант өңдүү өтө зарыл болгон тамак-аш табылбай калган. Буга чейин биздин бюджетти кармап турган борбордон эч нерсе келбей айлык, пенсия кечиге баштаган эле".

(Аскар Акаевдин "Памятное десятилетие" китебинен)
Андан сырткары, суунун азайышы, үшүк айыл чарбага үстөккө-босток көйгөйлөрдү жаратат. Кыргызстандыктар ал жылдары эптеп жан багуунун айласын издеп калган.

Доордун алмашуусун жогору жактагылар да сезе баштаган. 1991-жылдын жайында Жогорку Советтин президиуму жаңы гимн, герб, желекти иштеп чыгууга сынак жарыялап, алдыга озуп чыккандарга 10 миң рублден акчалай сыйлык берүүнү убадалаган. Ошол кездерде алардын бири да тарыхый чоң бурулуштун алдында турганын сезген эмес...
Август саясий кризиси кыргызстандыктардын көзү менен
Август саясий кризиси кыргызстандыктардын көзү менен
1990-жылдын соңунда бардык советтик республикалар өздөрүнүн суверендүүлүгүн жарыялайт. Жаралган бул кризис СССРди ыңгайсыз абалга кептеп, убакыт чечкиндүү кадамдарды талап кылган. Ал кезде Ново-Огареводо иштелип жаткан Союздук келишимде суверендүү мамлекеттердин биримдигин түзүү пландалган. Аскар Акаев да Новоогаревск процессине башынан аягына чейин катышкан.
Аскар Акаев
"Өтө оор жумуш эле. Буга карабай аны 1991-жылдын июль айында бүтүргөнбүз. Биз жаңыланган союздук келишимди иштеп чыгып, борбор менен республикалардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча жакшы компромисстерге жетише алган элек. Ошондо гана тараптар толук макул боло алган", — деп эскерет тунгуч президент.
Союздук келишимге кол коюу 20-августка белгиленген. Бирок ал күнү аталган документ күчүнө кирген эмес.

СССРдин Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин, Коргоо министрлигинин жогору жактагы өкүлдөрү Советтер Союзун сактап калуу жана союздук келишимге кол койдурбоо үчүн Өзгөчө абал боюнча комитет түзөт. Алар Москвага жоокерлерди, аскердик техника киргизип, 19-августта бийликти өз көзөмөлүнө алгандыгын жар салат. Тарыхта ал "Август путчу" деп аталып калды.
Ак үйдү коргогон жоон топ. 1991-жыл, август айы
Республикалык гезиттерде вице-президент Геннадий Янаевдин жарлыгы жарыяланып, Михаил Горбачев "ден соолугуна байланыштуу" өз ишин уланта албай тургандыгы, СССРдин президентинин милдетин Янаев өзү аткарары жазылган. Бул жаңылыкты уккан жөнөкөй кыргызстандыктар жана көпчүлүк саясатчылар да таң калып отуруп калышкан. Аскар Акаев кийин журналисттерге маек берип жатып ошол маалда "бир балээ" болгонун сезгенин эскерет.
РСФСРдин Жогорку Советинин имаратынын жанында топтолгон эл, 1991-жыл, август айы
"Окуя болордон үч күн мурда Михаил Сергеевич менен телефон аркылуу сүйлөшкөм, ал Форосто (Крымдын жээгиндеги аймак – ред.) болчу. Чечкиндүү, үнү шайдоот, шайыр эле. Горбачев союздук келишимге кол коюуга даярданып жаткан. Мындан улам оорусу жөнүндө маалымат күмөн жаратты".

(Аскар Акаевдин "Памятное десятилетие" китебинен)

Ошол учурда Москванын мэри Гавриил Попов Ысык-Көлдө эс алып жүргөн. Эмне болгонун уккан калаа башчысы шашылыш "Манас" аэропортунан Москвага учуп жөнөйт.

Окуя ушундай тездик менен өнүгүп жаткандыктан Кыргызстандын жетекчисинин ойлонууга да убактысы болгон эмес. Акаев шашылыш жыйын өткөрүп, мамлекеттин суверенитетин коргоо керектинин айтып элге кайрылат.
Феликс Кулов
1991-жылы Кыргызстандын ички иштер министри
"Жыйындан кийин мен президентке өз күчүм менен биринчи кезекте Ак үйдү, өлкөдөгү эң маанилүү объектилерин коргоого алам, өзүмдүн кызматкерлерим менен анын күзөтүн алмаштырам дегем. Ал кезде өлкө башчысын Мамлекеттик коопсуздук кызматы коргочу, Акаев дегениме макул болду".

(Феликс Куловдун "На перевале" китебинен)
Россиянын президенти Борис Ельцин митингге чогулган эл менен учурашып жатат, 1991-жыл, август айы
Москвада жагдай тездик менен курчуган. Путчисттерге РСФСРдин президенти Борис Ельцин каршылык көргөзгөн. Ал эми Кыргызстанда абал салыштырмалуу туруктуу болчу.
Герман Кузнецов
1991-жылы Кыргызстандын вице-президенти болгон
"Биздеги ыкчам маалымат боюнча жыйынтык чыгарсак, жалпы абал тынч. Азыр элдин баамдап, ойлонуп отурган учуру. Комитеттин тараткан билдирүүсүнөн сырткары, СССРде болуп жаткан окуялар боюнча бизде маалымат аз болуп жатат".

(Кузнецовдун республикалык телеканалга берген маегинен үзүндү. "Слово Кыргызстана" гезити, 1991-жылы 20-августта жарыяланган)

Ошол эле күнү Кузнецов Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалат. Ага чейин бул кызматта Жумабек Асанкулов турган.

Акаевдин эскерүүсү боюнча, ал маалда республикада эки саясий күч болгон. Бир жагында президент жана анын аппараты болсо, экинчи тарапта өзүнүн күчүн жогото элек борбордук комитет эле. Экөө тең Ак үйдө жайгашкан. Президенттин администрациясы батыш бөлүгүндө болсо, коммунисттер чыгышында отурчу. Кыскасы, август путчу учурунда президент менен коммунисттик партия баррикаданын эки жагында турган. 19-августта коммунисттик бюро Советтер Союзун сактап калгысы келген Өзгөчө абал комитети колдогон билдирүүнү таратат. Ага карабай республикада башаламандыкка жол берилбей, милиция өз милдеттерин так аткарган. Ошол кезеңди милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мындай эскерет.
Садырбек Дубанаев
1991-жылы Нарын облустук ички иштер башкармачылыгынын начальниги болгон
"Коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо боюнча буйрук түштү. ИИМ кызматкерлери ошону менен гана алектенгенбиз. Биз жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн аткарганбыз. Дагы жакшы, ошол кездеги министр Феликс Кулов так буйруктарды берген. Ошондуктан биз туура, мыйзам чегинде иш кылып жаткандыгыбызга толук ишенип турганбыз".
Кулов кечинде калаанын, Акаев жашаган резиденциянын үстүнөн тик учактар учуп, шаар аралык байланыш жок болгонун эскерди.

Бишкекке танкалар менен кирчү жерлерге жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди мотоцикл менен койгон. Танкаларды өткөрбөш үчүн аларга салмактуу темирлерди, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү беришкен.
"Август путчунан" кийин Феликс Куловду "элдик генерал" деп атап калышкан
"Биз шаарга жоокерлердин киришин күттүк. Жаштар чогулду, аларды мени менен жолугушуусун сурандым. Жаштар "бизге курал бергиле" деп талап коюшту.

— Эч кандай курал берилбейт. Эгер танкалар пайда болсо, аларды сулуу кыздар, гүл менен тосуп алгыла. Танкисттерге суу, тамак-аш берип, күлүп-жайнап тоскула! Жаш жоокерлер — жетекчилиги эмнеге жумшагандыгын билбеген балдар. Аларды эл өз баласындай, жакынындай жайдары тосуп алса, жоокерлер максаты жаман буйруктарды аткарбайт, - дедим.

Менден "Горбачев тирүү болушу мүмкүнбү?" деп сурашты.

Мен аларга "менимче, ал тирүү. Эгер өлсө, Өзгөчө абал боюнча комитеттин тарапташтарынын аракеттери ырайымсыздык, мыкаачылык менен коштолмок деп жооп бергем".

(Феликс Куловдун "На перевале" китебинен)

Ал окуяларга чейин Кулов милицияны департизациялоону сунуштаган. Муну менен погончондор саясаттан сырткары иш алып бара алмак. Мындай сунушка Компартиянын борбордук комитети макул болгон эмес, ал эми погончондордун көпчүлүгү аны колдоп кеткен. Соңунда ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери партиядан чыгарылган. Ал чечим путчага үч күн калганда күчүнө кирген эле.
Феликс Кулов
"Биздин партиялык конференциябыз жөнүндө репортажды 19-август күнү кечинде көргөздү. Ошондо көпчүлүк "Кулов келесоо болуп эмне бул иштерге аралашып жүрөт? Эми Өзгөчө абал боюнча комитет бийликке келсе, ал сөзсүз камалат" дешкен. Мен үй-бүлөмдү ар кандай кырдаалга даяр болгула дегем. Жакындарыма тамашалап "үйдү кичине жыйнап койсоңор, чачылып калыптыр го. Жакында үйгө тинтүү менен келет" деп койгом. Албетте, ал жагымсыз ирмемдер эле. Пресс-конференцияда Янаевдин калтыраган колун көрүп утулуптур деп койгом", — деп эскерген ИИМдин мурдагы башчысы.
Кийинки эки күн жетекчилер үчүн уйкусуз өткөн. Гезиттер биринин артынан бири ошол кездеги түзүлгөн абал боюнча билдирүү тараткан. Парламент да үн катпай отурган эмес. Кыргызстан биринчилерден болуп мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет болгонун ачык айтып чыккан.
Медеткан Шеримкулов
1991-жылы Жогорку Советтин төрагасы болгон
"…1985-жылы апрелде кабыл алынган багыт биздин өлкөнүн жашоосуна көп жакшы, жаңы нерселерди алып келди. Алдыбызга демократиялуу, укуктук мамлекет түзүү милдети коюлган. Акыркы жылдары ар кыл жагдайга байланыштуу экономикалык, саясий абал өтө солгундап кетти, улуттар аралык мамиле чыңалды, жашоо кымбаттады. Мамлекет ылдыйды көздөй кетти. Эски системада жарака кетип акырындык менен ураса, жаңы система күч топтой элек болчу.

Мунун баары конкреттүү чараларды көрүп, мамлекетти каатчылыктан чыгарууну талап кылган. Союздук келишимдин долбоорун даярдап, ага кол койдуруу үчүн чоң иштер жасалды. Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети аны эки жолу карап, кошумчалары менен колдоп берген. Биз үмүт менен жашаганбыз. Өлкөдөгү абал турукташып бара жатканына көзүбүз жеткен, башка курч маселелер да чечилген.

Бирок мен борбордо болгон окуяларды демократияга каршы жасалган чоң сокку, мамлекеттик төңкөрүш деп баалайм..."

(Шеримкуловдун 1991-жылдын 20-августтагы билдирүүсүнөн)

Ал ортодо эл арасында "Өзгөчө абал боюнча комитеттин мүчөлөрү Бишкекке учуп келе жатат, Кыргызстанга Ферганадан танкалардын колоннасы чыгыптыр" деген түрдүү ушак-айың пайда болот. Милиция бардыгына даяр болчу. Ошондо Аскар Акаев өзүнүн жарлыгы менен өлкө аймагындагы бардык аскердик курамды президенттин уруксаты жок дислокацияланган жеринен сыртка чыкпоого буйрук берет.
"…Бардык аскер кызматкерлерине кайрылам: Республика Кыргызстандын коопсуздугун, көз карандысыздыгын бузган иш-аракеттерден алыс болгула. Армия дайыма кыргызстандыктардын колдоосунда, сый-урматында болгон. Алар сиздерге ишенген жана ишенет. Ошол ишеничти жоготуп албагыла".

(Акаевдин 1991-жылы 21-августта чыгарган жарлыгынан)
Басма сөздө өлкө башчысынын ошол жарлыгынын жанында Акаевдин түнкү саат үчтө жасаган билдирүүсү жазылган. Анда президент акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларды мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет деп сыпаттап, Ельциндин позициясын толук колдой турганын жар салган.

Кийин Ферганадан Кыргызстанга чыккан танкалар, Бишкекке учуп келе жаткан комитеттин мүчөлөрү тууралуу маалымат жалган болуп чыккан. Анда өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген комитеттин мүчөлөрүнүн камалышына саналуу гана сааттар калган. 21-август күнү эртең менен Москвадан аскер техникасы, жоокерлер чыгарыла баштайт. Горбачев иш ордуна келип, Өзгөчө абал боюнча комитеттин мүчөлөрү камакка алынат.
Кызыл аянтта митингге чогулган москвалыктар. 22-август, 1991-жыл
"Уйкусуз үч күн, өтө чыңалуу менен өткөн үч иш күн. Республиканын, өз элимдин тагдырын ойлогондо жүрөк, көөдөн жай албай тынчсыздангам. Биз ага туруштук бере алганбыз. Ошол оор кезде ишибизди чынчылдык, абийир менен жасаганбыз деп ойлойм".

(Аскар Акаевдин "Памятное десятилетие" китебинен)
Ошентип 1991-жылдын август айында Советтер Союзунун тагдыры чечилет.
Тарыхый сессия жана көз карандысыз Кыргызстан
Тарыхый сессия жана көз карандысыз Кыргызстан
Москвадагы бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандар камалгандан он күн өткөн соң Бишкекте Жогорку Совет кезексиз сессия өткөрөт. Жыйын түн ортосуна чейин созулуп, кийин ал окуя тарыхта калат. Ал отурум майда-баратына чейин "легендарлуу парламенттин" депутаттарынын күнү бүгүнкүдөй эсинде.
Жамин Акималиев
"Легендарлуу парламенттин" депутаты
"Биз тарыхый чоң окуянын алдында турганбыз. Көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алып жатканда жан дүйнөбүздө эмне болгонун сөз менен айтып берүүгө мүмкүн эмес. Ал документти туруп алып кол чаап тосуп алганбыз. Төрагалык кылган Медеткан Шеримкулов бизди араң токтоткон. 30 жыл өтсө да ал сезимдер али бүгүнкүдөй, мени менен".
Декларацияда Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү, демократиялык мамлекет деп жазылып, жаңы союздук келишимди колдогон. Эл өкүлдөрү СССР жаңы принциптер менен өмүрүн улантат деп ойлошкон. Бирок ири державанын келечеги саналуу айларда эле билинип калган.
Садырбек Дубанаев
"Парламент декларацияны кабыл алган соң алдыда чоң өзгөрүүлөр турганына көзүбүз жетти. Кыргызстан жаңы союздук республикалардын тең укуктуу мүчөсү болот деп ойлогонбуз. Депутаттарга СССР кулап калат деген ой такыр келген эмес. Мен совет бийлигинин өмүрү 1991-жылдын декабрында бүтөт деп элестете алган эмесмин".
Ошол күндөрү жаңы "төрөлгөн" Кыргызстанга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.
Амангелди Муралиев
"Легендарлуу парламенттин" депутаты, 1991-жылы Экономика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, КРдин экс-премьер-министри (1999 — 2000)
"Мен кыргыз элинин 31-август күнү кан төкпөй, башаламандыксыз, жарандык согушту болтурбай көз карандысыздыкты алганы үчүн тагдырга ыраазымын. Советтик жылдары Кыргызстан узун жолду басып өтүп, маданияттан баштап илимге чейин өсүштө болгон. Биз ошол демди, күчтү декларацияны кабыл алып жатканда өзүбүз сезип, эмоцияларыбыз алып учуп турган. Бизди алдыда чоң, оор иштер күтүп турган болчу. Анткени Советтер Союзунун кулашы менен жалпы экономикабыздын негизи да кыйраган".
Кыргызстандыктардын көгүлтүр экранында СССРдин мамлекеттик телерадиосунун квартети жаңырып турганда республиканын актай барактары жазыла баштаган. Алдыда эл жалпы шайлоого катышып президентин тандамак. Анда Акаев шайлоочулардын 95,3 пайыз добушун алып жеңишке жеткен.
Артка кайтпас жол. СССРдин акыркы күндөрү
Артка кайтпас жол. СССРдин акыркы күндөрү
Анан союздук республикалар биринин артынан бири өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялай баштайт. Ошол эле маалда Советтер Союзуна экинчи өмүр берүү аракеттери токтогон эмес. Күзүндө СССРдин Жогорку Совети жаңы курамда өз ишин баштап, ага делегат болуп союздук республикадан эл өкүлдөрү барган.
Өмүрбек Текебаев
"Биз саясий документтерди кабыл алсак да формалдуу орган элек жана ал "абийирди сактап калуу үчүн" гана иштеген. Ал процесстерди токтотууга мүмкүн эмес эле".
1991-жылы 8-декабрда кезектеги дагы бир бурулуш болот. Россия, Украина, Беларустун жетекчилери Беловежск макулдашуусуна кол коет. Ал документ Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги уюмун түзүүгө негиз болот. Бирок ага Горбачев нааразы эле. Бул маалда СССРдин биротоло кулашына бир нече жума эле калган.
Беловежск процессиндеги жолугушуу: Украина президенти Леонид Кравчук, Белоруссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич жана Россиянын президенти Борис Ельцин, 1991-жыл 8-декабрь
1991-жылы 21-декабрда Алматы шаарындагы президенттердин жолугушуусунда КМШга дагы сегиз республика кошулат. Арасында Кыргызстан да болгон. Төрт күндөн кийин кечке маал СССРдин президенти Михаил Горбачев телеканалдын түз эфиринде элге кайрылып, отставкага кете турганын билдирет.
КМШ түзүлгөндөн кийин ага мүчө болгон 11 суверендүү мамлекеттин башчылары жана расмий өкүлдөр, 1991-жыл 21-декабрь
Ошентип Советтер Союзу 1991-жылы 15-декабрда саат 19:38де жоюлуп, Кремлдеги советтик желек түшүрүлүп, ордуна Россиянын туусу илинет. Ал маалда мурдагы СССРдин борборунда жаан аралаш кар жаап жаткан. Ага кыргызстандык саясатчы Өмүрбек Текебаев да күбө болгон.
Өмүрбек Текебаев
"Россиянын желегин Кремлде көтөрүп жатканда мен Кызыл аянтта болчумун. Кыргызстандан барган делегация "Москва" мейманканасында жашап жатканбыз. Анын администрациясы жыл аягына чейин акысыз жашай турганыбызды, бизди "Аэрофлот" ташый турганын жана жаңы жылдын башынан тарта бардыгы бекер эмес боло турганын айткан. Биз үйгө шашкалактап калганбыз. Эч ким союздун кыйраганына каршылык көрсөткүсү келбей калган. Империя тынч урады, бирок акыркы эки жылы азаптуу учурлар менен коштолду", — деп эскерет ал.
Андан соң формалдуу иштер гана калган.

"1991-жылдын 31-декабрындагы таңы азыркыга чейин көз алдымда. Ал күнү Минскиден мамлекет башчыларынын жыйынынан учуп келгенбиз. Ал жолугушууда КМШ уюмун түзүү каралып, Алматы келишиминин негизи иштелип чыккан. Түн уйкусуз өтүп, маанай өтө начар болчу. Ал кезди ошол замандын сөзү менен айтайын, "кимдир бирөө СССРдин кулашына кайгырбай жатса, анын жүрөгү жок. Кимдир бирөө СССРди калыбына келтирүүнү кыялданса, анын мээси жок..."

(Аскар Акаевдин "Памятное десятилетие" китебинен)

Жыйынтыгында улуу державанын урандысынан ар бир республика өз жолун салууга киришкен. Ал өзүнчө чоң сөз...
Редакторлор
Мирбек Сакенов, Карина Разетдинова

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Мамлекеттик кинофонофотодокументтердин борбордук архиви,
Александр Федоров

Маалымат булактары
"Слово Кыргызстана", "Вечерний Бишкек", гезиттеринин архиви, Аскар Акаевдин "Памятное десятилетие", Феликс Куловдун "На перевале" китептери, ачык маалымат булактары
Жаңылыктар түрмөгү
0