Парламенттик шайлоо-2021: Жогорку Кеңештин алдын ала жыйынтыгы

Парламенттик шайлоо-2021: Жогорку Кеңештин алдын ала жыйынтыгы

Бир мандаттуу округдар боюнча шайлоонун жыйынтыгын кол менен саноодон кийинки маалыматтарга таянып БШК жарыялайт. Бирок бул дагы шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт. Кол менен саноодон кийин шайлоонун жыйынтыгы чыга баштайт.
Партиялар боюнча шайлоонун жыйынтыгын кол менен саноодон кийинки маалыматтарга таянып БШК жарыялайт. Бирок бул дагы шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт. Бул эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча бир партияга 27ден ашпаган мандат берилиши мүмкүн. Шайлоодо жарандар бир партияга гана эмес, андагы бир талапкерге дагы добуш бере алды. Партия алган мандаттар талапкерлердин топтогон добушуна гана гендердик теңчиликти сактоо менен бөлүштүрүлөт.
Sputnik Кыргызстан Борбордук шайлоо комиссиясынын АСУ эсеби боюнча берген алдын ала жыйынтыктарына таянып ЖКнын жетинчи чакырылышынын курамын аныктап көрдү. Инфографикада көрсөтүлгөн маалыматтар парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт. Акыркы жыйынтыкты БШК 18-декабрга чейин чыгарат.
Партиялык тизме боюнча ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын автоматтык саноочу урнадан (АСУ) түшкөн маалыматка ылайык БШК жарыялайт. Бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт.
Шайлоодо 21 партия ат салышат. Жыйынтыгында парламентке республика боюнча шайлоого катышкандардын добушунун 5 пайызынан, ар бир облустагы (Бишкек жана Ош шаары дагы кирет) шайлоочулардын добушунун 0,5 пайызынан жогору алгандар өтөт.
ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын автоматтык саноочу урнадан (АСУ) түшкөн маалыматка ылайык БШК жарыялайт. Бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт. Кыргызстанда бардыгы 36 бир мандаттуу округ бар. Анын ар биринен бирден гана талапкер жеңүүчү болот. Жыйынтыкты чыгарууда баарынан көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгер бир нече депутат бирдей добуш алып калса, БШКга каттоо үчүн документтерди мурда тапшырган талапкерге артыкчылык берилет.
Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды. Катышкандар тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия маалымат берип турат. Кыргызстандын аймагында добуш берүү үчүн 2 435 шайлоо участогу ачылды. Андан тышкары, чет элде жүргөн кыргызстандыктар үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу иштеп жатат. Партиялык тизме боюнча добуш бере тургандардын тизмесине 3,7 миллион кыргызстандык (чет өлкөдө жүргөндөрдү кошкондо) кирди. Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча 3,6 миллион киши добуш бере алат (чет элде жүргөндөр партиялык тизме боюнча гана добуш беришет).

Жогоку Кеңештин шайлоосуна катышкан партиялар

Чүчү кулак кармагандан кийинки бюллетендеги номери боюнча тизмектелди.

Бир мандаттуу округ боюнча ЖКга аттанган талапкерлер

Баткен облусу
№1 Лейлек шайлоо округу
№2 Баткен шайлоо округу
№3 Кадамжай шайлоо округу

Ош облусу жана Ош шаары
№4 Көк-Жар шайлоо округу
№5 Ноокат шайлоо округу
№6 Араван шайлоо округу
№7 Ош шайлоо округу
№8 Төлөйкан шайлоо округу
№9 Кара-Суу шайлоо округу
№10 Куршаб шайлоо округу
№11 Алай шайлоо округу
№12 Өзгөн шайлоо округу

Жалал-Абад облусу
№13 Сузак шайлоо округу
№14 Жалал-Абад шайлоо округу
№15 Базар-Коргон шайлоо округу
№16 Ноокен шайлоо округу
№17 Аксы шайлоо округу
№18 Ала-Бука шайлоо округу
№19 Токтогул шайлоо округу

Талас облусу
№20 Манас шайлоо округу
№21 Талас шайлоо округу

Чүй облусу
№22 Жайыл шайлоо округу
№23 Москва шайлоо округу
№24 Сокулук шайлоо округу
№25 Аламүдүн шайлоо округу

Бишкек шаары
№26 Ленин шайлоо округу
№27 Биринчи май шайлоо округу
№28 Октябрь шайлоо округу
№29 Свердлов шайлоо округу

Чүй облусу
№30 Ысык-Ата шайлоо округу
№31 Чүй-Кемин шайлоо округу

Нарын облусу
№32 Кочкор шайлоо округу
№33 Нарын шайлоо округу

Ысык-көл облусу
№34 Жети-Өгүз шайлоо округу
№35 Ак-Суу шайлоо округу
№36 Ысык-Көл шайлоо округу

Быйылкы шайлоо мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Учурдагы парламент партиялык тизме менен келген 120 депутаттан турат. Ал эми Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан шайланат. Бул ирет шайлоо аралаш системада өтөт.
Пропорционалдык система ылайык, мандаттар партиялар арасында талапкерлердин алган добушуна жараша бөлүштүрүлөт. Ал үчүн ЖКга келгиси келген партия талапкерлердин тизмесин түзөт. Алардын саны 54төн ашпашы керек. Партия өзүнүн курамын бекитүүдө аялдарды, жаштарды, ар кыл улуттун өкүлдөрүн жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды сөзсүз эске алышы керек.

Жарандар шайлоо күнү партияга гана эмес, белгилүү бир талапкерге да өз добушун бере алат. Бул система боюнча Кыргызстанды чоң бир шайлоо округу катары кароого болот. Анда партиялар гана өз талапкерлерин алдыга сүрөй алат.

Ал эми мажоритардык система боюнча кыргызстандыктар бир округдан бирден депутатты шайлайт. Жалпы республикада 36 округ аныкталган, ар биринде 100 миңдей шайлоочу бар. Аталган системада талапкер партия аркылуу гана жарышка катышпастан, өз алдынча да жарышка чыга алат.

Депутат болгусу келгендерге кандай талаптар каралган:

Мурун:
1. КР жараны;
2. 21 жаштан жогору курактагы;
3. соттолбогон же соттуулугу жоюлган болушу керек.

Азыр:
1. КР жараны;
2. 25 жаштан жогору курактагы;
3. соттолбогон же соттуулугу жоюлган;
4. жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек.

Шайлоодо добуш берүү

1. Алгач жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алышы керек. Борбордук шайлоо комиссиясы 12-ноябрга (ал күнү да болот) чейин тактоону өтүнөт. Тизмеде маалыматтарды тактоонун үч жолу бар:

2. "Тизме" порталынын жардамы менен;

3. Шайлоо участогуна келип;

4. 1255 номерине чалып же 119 номерине өзүнүздүн персоналдык идентификациялык номериңизди жиберип тактай аласыз.

Жарандар ошондой эле өз шайлоо участогун жана округун БШКнын расмий сайтынан да тактай алат. Ал жакта округдардын чек арасын жана схемаларын табууга болот.
28-ноябрь күнү шайлоо участоктору саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Жаныңызга сөзсүз паспорт (айдоочунун же пенсионердин күбөлүгү жарабайт) болушу керек. Алгач биометрикалык жана персоналдык маалыматтар боюнча идентификациядан өтүп, андан соң бюллетень алганга чек берилет.

Жогорку Кеңештин депутаттарына добуш берүүдө шайлоочунун колуна эки бюллетень тиет, аны сүрөткө тартууга тыюу салынган. Бирөө менен партиялык тизме боюнча добуш берсе, экинчиси менен бир мандаттуу округдан өзү каалаган талапкерди тандайт. Эгер сиз чет өлкөдө жашасаңыз, анда пропорционалдык система менен партиянын тизмесиндеги талапкерге гана добуш бере аласыз.
Андагы бюллетень эки бөлүктөн турат. Биринчисинде партиялардын тизмеси жана "Баарына каршы" графасы бар, экинчисинде сандары менен квадраттар жайгашкан. Анда шайлоочу бир партияны тандап же баарына каршы добуш бере алат.

Ушул эле бюллетендин экинчи бөлүгүндөгү 54 квадраттын жардамы менен жаран партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандайт. Квадраттагы сандар эл өкүлү болгусу келгендердин партиялык тизмедеги саны. Андыктан партиядагы талапкерге добуш берүү үчүн анын тизмедеги номерин билүү зарыл. Ар бир шайлоо участогуна жарандар үчүн керектүү маалыматтар илинет.

Шайлоочулар бир гана квадратка белги коюуга укуктуу. Эгер жаран бир нече белги койсо, бюллетень жараксыз деп табылат.

Көңүл буруучу дагы эки маанилүү жагдай:

✔️ эгер сиз 54 квадраттын бирине белги коюп, бирок партияны тандабасаңыз бюллетень жараксыз болуп калат;

✔️ эгер сиз партияны тандап, ошол эле маалда 54 квадратты бош калтырсаңыз добушуңуз партияга берилген болуп эсептелет.
Андагы бюллетенден округдагы талапкердин атын-жөнүн жана "Баарына каршы" графасын көрүүгө болот. Шайлоочу өзү каалаган талапкердин тушундагы квадратка белги коет.
Жаңылып калсаңызчы?
Добуш берүү маалында жаңылып башка талапкердин тушуна белги коюп алсаңыз участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө жаңы бюллетень сурап кайрылса болот. Мындай учурда сиздин аты-жөнүңүздүн маңдайына тиешелүү белги коюлат. Андан соң жараксыз документ керектен чыгарылып, акт түзүлүп жаңы бюллетень берилет.

Шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу

Бир мандаттуу округ боюнча жыйынтык кантип чыгарылат

Бир мандаттуу округ боюнча ат салышкандардын ичинен эң көп добуш алгандар жеңип чыгат. Эгер бир нече талапкер бирдей добуш алып калса, биринчилерден болуп документтерин БШКга тапшырып каттоодон өткөргөн киши эл өкүлү болот.

Эгер бир мандаттуу округдан шайланып келген депутат парламенттен кете турган болсо, эки айдын ичинде кайра шайлоо уюштурулуп анын ордуна башка адам келет. Ошондой эле ал чакырылыштын мөөнөтүнүн аякташына бир жыл же андан аз убакыт калган учурда округда шайлоо өткөрүлбөйт.

Партиялык тизме боюнча ат салышкандардын жыйынтыгын кимдер аныктайт?

Бул система менен парламентке келүүнү көздөгөн партия, биринчиден, республика боюнча беш пайыздык босогодон өтүшү керек. Экинчиден, ар бир облуста жана Бишкек менен Ош шаарынын шайлоочуларынын 0,5 пайыздан кем эмес добушун алуусу зарыл.

Партиялар алган мандаттардын 30 пайыздайы алгач эң көп добушка ээ болгон аял талапкерлерге бөлүштүрүлөт. Алар такыр добуш албаса да Жогорку Кеңешке аялдар квотасынын негизинде келет. Анда мандаттар тизмеге жараша берилет. Мындайча айтканда, ким тизменин алдында болсо, анын парламентте депутат болуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Мандаттардын калган 70 пайызы талапкерлердин алган добуштарына жараша бөлүнөт. Ал эми акыркы мандатты бир нече адам алууну көздөгөн учурда ЖКга партия тизмесинин башында турган киши келет.

Эске сала кетсек, бир партия Жогорку Кеңеште 27ден көп мандатка ээ боло албайт.

Дагы кандай жаңычылдыктар кирди

Мамлекеттик кызматтагылар үчүн "белек"

Жаңы талаптарга ылайык, талапкер шайлоого катышуу ниетин билдиргенден баштап өз ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттендирилди:

а) мамлекеттик саясий кызматкерлер (президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан башка)
б) муниципалдык саясий кызматкер (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сырткары)
в) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын жана мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан жогору болгон мекеменин башчысы же анын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.

Мурун өз ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу менен чектелип келген.

Үгүт ишиндеги жаңы тыюу салуулар

Мындан ары мектеп, бала бакча, мечит, чиркөө, оорукана жана башка жайларда жана ага жакын жерде үгүт материалдарды таратканга болбойт. Ошондой эле түз же кыйыр мааниде диний тематикадагы маалыматтарды колдонууга тыюу салынды.

Андан сырткары, талапкерлердин үгүт ишине, кол чогултуусуна көчө башчысын, үй комитетинин төрагаларын (домком) аралаштырууга катуу бөгөт коюлду. Мындай эрежелер конституциялык мыйзамда административдик ресурсту пайдалануу катары жазылган.

Дагы бир маанилүү жагдай

Шайлоо маалында талапкер же партиянын тизмесиндеги жаран мыйзам бузса, БШК шайлоонун жыйынтыгын тааныбай койгонго укуктуу. Андай талапкер, партия кийинки шайлоого катыша албайт.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тааныбаган учурлар жалпы республика боюнча үчтөн бир бөлүгүндө көп жерде катталса, жалпы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат.

Жогорку Кеңештин шайлоосунун календары

19-сентябрдан 12-ноябрга чейин
БШК өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппаган же жеке маалыматтары туура эмес болгон жарандардын арыздарын кабыл алат

13-октябрдан баштап
Талапкерлер, партиялар шайлоого аттанат

18-октябрь саат 18.00гө чейин
Талапкерлер, партиялар катоодон өтүү үчүн документтерин өткөрүп, шайлоо күрөөсүн төгөт

29-октябрга чейин
Борбордук шайлоо комиссиясы партия жана талапкерлерди каттайт

29-октябрдан 27-ноябрь күнү саат 8.00гө чейин болот
Үгүт иштери

25-ноябрга чейин
БШК шайлоо участогунан сырткары добуш бергиси келген жарандардын арыздарын кабыл алат

27-ноябрь саат 08.00дөн 20.00гө чейин
Аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынан сырткары добуш берүү

28-ноябрь саат 8.00дөн 20.00гө чейин
Шайлоо күнү

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарат.
Редакторлор
Мирбек Сакенов, Карина Разетдинова

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Маалымат булагы
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамы, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Жаңылыктар түрмөгү
0