1-январдан тарта Россияга сыртка чыгуучу паспорт менен гана киребиз

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүАрхив: "Шереметьево-2" аэропортундагы паспорттук көзөмөл
Архив: Шереметьево-2 аэропортундагы паспорттук көзөмөл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия өлкөгө мигранттарды киргизүүнүн шарттарын өзгөртөөрүн буга чейин да билдирип келген. 2015-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандык мигранттар Россияга сыртка чыгуучу паспорт менен гана кире алат.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомдук фондунун вице-президенти Тилек Додоновдун жергиликтүү ЖМКга берген маалыматына ылайык, Россияга кирүүнүн жаңы шарттарына мигранттардын көбү даяр эмес.

"Россия мындай талапты 2013-жылдан баштап эле айта баштаган. Ошентсе да, шарттардын өзгөрүшүнө көпчүлүк мигранттар даяр эмес. Аларга көбүрөөк маалымат берүү керек", – дейт ал.

Жаңы шарттарга ылайык, жашы 16га толо элек балдарга да сыртка чыгуучу паспорт алуу керек. Буга чейин жашы жете элек балдар туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү менен эле Россиянын чек арасынан өтө беришчү.

Андан сырткары, жаңы эрежелер боюнча Россияда иштеп жаткан кыргызстандык эмгек мигранттарынын бардык келишимдик документтери сыртка чыгуучу паспорт менен гана түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0