ФМК: 1, 5 жылда мигранттардын жасалма документтери эки эсе азайган

© Sputnik / Андрей Рудаков / Медиабанкка өтүүАрхив: ФМКнын Москва шаарындагы рейди
Архив: ФМКнын Москва шаарындагы рейди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2013-жылдын январынан тартып миллиондон ашуун гастарбайтерлер жасалма документтер боюнча мыйзам бузуучулукка барышкан.

БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. Россияда жасалма документтер менен жүргөн мигранттардын саны өлкөгө тартип бузгандардын кирүүсүнө тыюу салган механизмдер иштей баштагандан тартып эки эсеге чейин азайган. Бул маалыматты РИА Новости Федералдык Миграция кызматынын профилдик департаментинин жетекчиси Сергей Темряковичке таянып билдирди.

Аталган механизм 2013-жылдын январынан тартып иштей баштаган. Бул убакыт ичинде миллиондон ашуун гастарбайтерлер ушундай мыйзам бузуучулукка барышкан.

"Жасалма миграциялык карточкалардын саны 47%га кыскарган. Бизде бүгүнкү күндө чет элдик жарандар боюнча борбордук маалымат банкы түзүлгөн, ал азыркы тапта 140 миллион маалыматтык жазууну камтыйт", — деп айтты Темрякович "Россия Сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында 

Аталган маалымат борборунда бардык чет элдик жарандар, алардын алган документтери жана андагы мыйзам бузуулар туурасындагы маалыматтар сакталып турат. Ал чет элдик жарандар Россияга кирүү үчүн уруксат берген расмий документтерди белгиленген мөөнөттө албаса, автоматтык түрдө алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салууга ылайыкташкан.


Жаңылыктар түрмөгү
0