Укук коргоочу 56 миң адамды мыйзамсыз каттаган деп шектелүүдө

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрхив: мигранттар
Архив: мигранттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, кесипчилик кошуунунун кызматкери четтен келгендерди 2013-жылдын январынан тартып, 2014-жылдын июнь айына чейин каттоого мыйзамсыз тургузуп келген. Бул үчүн ал киши беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 1-дек — Sputnik. Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча кесипчилик кошуунунун кызматкери Москвада 56 миңден ашык адамды мыйзамсыз каттоого тургузгандыгы үчүн соттолушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости РФтин Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча аймактар аралык "Защита" кесипчилик кошуунунун башкармалыгынын катчысы Павел Коваленко сырттан келгендерди мыйзамсыз каттоого алып турган.

"Алсак, 2013-жылдын январынан тартып 2014-жылдын июнь айына чейин Россиянын Федерациялык миграция кызматынын органдарына сырттан келди делген 56 миңден ашык чет элдик жарандар тууралуу маалымат берилген", — деп айтылат билдирүүдө. 

Аны менен катар эле Коваленко мигранттарды эки дарек боюнча каттоого отургузуп турган. Бирок мигранттардын бири да ал жерде жашап же иштеген эмес.

Коваленкого айыптоочу акт тапшырылгандан кийин иш РФтин КЖКнын "Мыйзамсыз миграция уюштуруу " беренеси боюнча сотко берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0