ЖК комитети ички мигранттардын балдары боюнча өкмөткө тапшырма берди

© Фото / YododАрхив: Кыргызстандын балдары
Архив: Кыргызстандын балдары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар ички мигранттардын балдарынын мектепке барбай калуу маселесин иликтеп көргөндөн кийин, аны жакшыртуу боюнча өкмөткө тапшырма берди.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети шейшемби күндөгү отурумунда ички мигранттардын балдарынын социалдык тейлөөлөрдөн пайдалануусу жөнүндөгү маселени карап, өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген чечим кабыл алды. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комитеттин мүчөсү Ыргал Кадыралиева бир жыл бою тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларынын айланасындагы жаңы конуштагы балдардын абалын иликтеп чыккандыгын айтты. 

"Шаардан чыккан таштандылар төгүлгөн жайдан 15-30 чакырым аралыкта жашап жаткан үй-бүлөлөр бар. Андан сырткары, ичүүчү таза сууга жетпеген үй-бүлөлөр гана эмес, бүтүндөй бир конуштардын бар экендигин жолуктурдук",— деди депутат Ыргал Кадыралиева.

Депутат аны менен катар балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөргө ээ болбой жаткандыгынын себеби аныкталдыгын айтты. Кадыралиеванын ырасташынча, Бишкек шаарынын тегерегиндеги 11 жаңы конушту кыдырганда 2013-жылы 1,5 миң баланын документ албагандыгы ачыкталган. Алардын 800ү таптакыр документ алган эмес болсо, 700ү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн жоготуп жиберишкен. 

Комитеттин жетекчиси Дамира Ниязалиева өлкөнүн сыртындагы жана ичиндеги мигранттардын балдарынын мектепке баруусундагы айырмачылыктар боюнча өкмөткө суроо жолдоду.

"Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттардын балдары ал жердеги мектептерге барышын камсыздоодо өкмөт натыйжалуу иш алып барып жатат, ал эми ички миграцияга келгенде неге ишти жөндөй албай жатат?",— деди Ниязалиева.

Жыйында аталган комитет ички мигранттардын балдарынын социалдык тейлөөлөрдөн пайдалануусун жакшыртуу боюнча өкмөткө бир катар тапшырмаларды берди. Анын аткарылышы тууралуу маалыматты комитет 3 айдан кийин кайрадан уга турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0