Выдворение иностранных граждан за пределы РФ судебными приставами

Россия өз аймагынан алты мигрантты чыгарып жиберди

30
(жаңыланган 13:13 05.12.2014)
Алты мигрант Россиянын Оренбург облусунда чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп бара жаткан жеринен кармалды.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Кыргызстандын дагы алты жараны Россия Федерациясынын чегинен, тагыраак айтканда, Оренбург облусунун аймагынан чыгарылды, деп билдирди бейшембиде "Замандаш" партиясынын басма сөз кызматы.

Бардык мигранттар Оренбург облусунда РФтин чек арасынан өтүп бара жатканда кармалган. Соль-Илецк соту мамлекеттик чек арадан өтүү тартибин бузгандыгы үчүн аларды РФтин чегинен чыгарып жиберүү жөнүндө РФтин административдик укук бузуулар тууралуу кодексинин 18.1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык чечим чыгарды.

"Кармалгандар азыркы тапта сот токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин Оренбург облусунун чет элдик жарандары камалуучу атайын мекемесинде отурушат. Токтом кабыл алынгандан кийин аларды Россия Федерациясынын чегинен чыгаруу тартиби жөнүндө маселе чечилет", — деп белгиледи басма сөз кызматы.

Акыркы кездерде Россия Федерациясынын чек арасынан мыйзамсыз өтүү кыргызстандыктар үчүн "модага" айланды окшойт, дешет замандашчылар. Тыюу салуулар менен жазаларга карабай, алар мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн улам жаңы амалдарды ойлоп табууда: документтериндеги жеке маалыматтарын өзгөртүп алышат, поезддердин коштоп жүрүүчүлөрү менен, таксисттер менен  макулдашып алышат. Сентябрдан декабрга чейин Оренбург облусунун аймагында Кыргызстандын 30дан ашуун жараны кармалып, алар Соль-Илецк соту тарабынан Россиянын чегинен чыгарылган.

Партия ушундай опурталдуу жол менен Россиянын аймагына кирүүнү каалаган мекендештерине мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн РФтин мыйзамдарына ылайык эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы колдоно тургандыгын эскертет. 

30
Белгилер:
Замандаш, Соль-Илецк, Оренбург, Россия
Тема:
Бир миллионго жакын КР жараны эмгек миграциясында экени айтылат (21)
Пикирлер