Праздник Курбан-Байрам в Москве

Диндин мигранттарга тийгизген таасири боюнча Москвада талкуу болду

48
(жаңыланган 07:15 08.12.2014)
КРден Москвага келген мигранттарга диний факторлордун тийгизип жаткан таасирлерин, радикал исламчылардын ишмердүүлүгүн жана алардын мигранттарды өздөрүнүн катарына тартып жаткандыгын талкуулаган кереге кеңеш өттү.

БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. Диндин мигранттарга тийгизген таасирлерин талкуулаган кереге кеңеш Москва шаарында уюштурулду, деп билдирди Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы. 

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев и Верховный муфтий России Талгат Таджуддин обсудили вопросы религиозной политики и воспитания
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Иш-чарага дипломаттар, КР менен РФтин Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү, КР муфтиятынын Москвадагы өкүлү, Москва муфтиянын кызматкерлери, РФтин борборундагы кыргыз диаспорасынын активисттери, коомдук ишмерлер катышты. 

Кереге кеңешке катышкандар Кыргызстандан келген мигранттардын өздөрүн алып жүрүшү, руханий жактан аларга бериле турган колдоо, радикал исламчылардын ишмердүүлүгү жана алардын адамдарды мигранттардын арасынан тандап алып, өздөрүнүн катарына тартып жаткандыктары тууралуу айтышып, ойлорун бөлүштү. 

Элчиликтин биринчи катчысы Алмазбек Асанбаев дүйнөлүк окуяларды талдай келгенде жана эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда Кыргызстан экстремизмге, 1999-2000-жылдары куралданган согушкерлердин чек араны бузуп кирип келишине дуушар болгондугун эске салды. Муну менен ал өлкөдө диний абалга, диний маселелерге маани бербегендик, көз жаздымда калтыргандык жогорудагыдай кесепетин тийгизген окуяларга алып келерин, бул бир нече мамлекеттерде да кездешээрин айтты. 

Москвадагы муфтияттын өкүлү биздин кээ бир мекендештерибиздин диний жактан сабатсыздыгын белгилеп, жеткиликтүү маалыматтын жоктугунун радикалдык багытка үгүттөгөндөрдүн торуна түшүп калып жаткандыгын айтты. Москва шаарынын жана Кыргызстандын муфтияттарынын өкүлдөрү экстремисттик катарга тарткандарга каршы күрөшүү боюнча биргелешип иш алып барып жаткандыктарын билдиришти. "Хилал" басма үйүнүн директору Рыскулбек Каримбеков кереге кеңештин катышуучуларына ислам жөнүндө маалыматтарды камтыган адабияттардын үлгүсүн көрсөттү. 

Иш-чаранын аягында талкуунун катышуучулары мигрант мекендештердин арасында тарбиялык жана экстремисттердин катарына тартылып кетүүнүн алдын алуучу иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Аны менен катар эле Кыргызстан менен Россиянын расмий диний институттары жана элчиликтери бири-бири менен бул багытта тыгыз иш алып баруусу керектигин айтышты.

48
Белгилер:
Хилал, Рыскулбек Каримбеков, Алмазбек Асанбаев, Россия, Москва
Тема боюнча
Бүгүн Бишкекте мамлекеттик дин боюнча концепциянын бет ачары болот
"Хизб ут-Тахрирдин" аялдар канатынын бир ячейкасы табылды
Ош шаарында диний терроризм жана экстремизм маселеси талкууга алынууда
Рубль жана доллар акчалары. Архивдик сүрөт

Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү

138
(жаңыланган 10:27 11.06.2021)
Мигранттардын акчасы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Бул каражат болжол менен өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 759,2 миллион доллар келип түштү. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу гана жөнөткөн каражаты тууралуу болууда.

Өткөн жылы ушул эле мезгилде 534 миллион доллар келип түшкөн.

Жыл башынан берки маалыматтар 2020-жылга карата көрсөтүлгөн:

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллионго көп);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллионго көп);
  • апрель — 216,3 миллион (139,9 миллионго көп);

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу акча которуунун көлөмү кескин азайып кеткен. Мындай айырма апрель айында өтө чоң болгон. Азыркы тапта өнөктөш мамлекеттерде бир топ карантиндик чектөөлөр алынды.

Эгер азыркы статистиканы 2005-жылдан берки ушул эле мезгилдерге (январь-апрель) салыштыра турган болсок, быйыл рекорддук көрсөткүч болду. Буга чейин акча которуулардын эң жогорку чеги 2019-жылы катталып, 740 миллион долларды түзгөн.

Мигранттардын акчасы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Ал болжол менен өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

138
Белгилер:
рекорд, Кыргызстан, Акча которуулар, Мигрант, экономика
Тема боюнча
Кыргызстандан чыгарылган акча рекорддук чекке жетти. I кварталдын маалыматы
Быйыл 3 айда мигранттар Кыргызстанга канча акча которгону айтылды
Коронавирустан эмдөө учурунда. Архив

Россия мигранттардын өлкөгө кирүүсүн жеңилдетип, эмдөөгө белсенип жатат

162
(жаңыланган 10:14 08.06.2021)
Учурда Россияда эмгек мигранттары жетишпей, бөтөнчө курулуш тармагы жумушчулардын жоктугунан аксап жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россия өкмөтү эмгек мигранттарынын өлкөгө келүүсүн жөнөкөйлөтүп, чет өлкөлүктөрдү милдеттүү түрдө эмдөө маселесин кароодо. Бул тууралуу вице-премьер Марат Хуснуллин RTVI телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Россияда эмгек мигранттарынын аздыгы бөтөнчө курулуш тармагында сезилүүдө.

"Россия үчүн курулуш объектилеринде жумушчу күчүнүн жетишсиздиги өтө чоң тобокелдиктерге жана экономикалык алсыроого алып келет", — деген Хуснуллин.

Москва мэринин экономикалык саясат, мүлк жана жер байланыштары боюнча орун басары Владимир Ефимов буга чейин Россиянын борборунда эле 300 миңдей эмгек мигранты жетишпей жатканын билдиргени айтылат.

Ефимов, ошондой эле, чет өлкөлүктөрдүн келүүсүнө чектөөлөр көп болуп жатканын да белгилеген.

162
Белгилер:
жумуш, эмдөө, Мигрант, эмгек, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Чет өлкөдө эмгек келишими жок иштебеш керек. Адистин түшүндүрмөсү
"Манас" аэропортунан ПЦР-тест тапшырчулар 4-5 саат мурун келиши керек
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

0
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды