— Афганистандагы Памирлик кыргыздарга үзгүлтүксүз жардам берип туруу боюнча Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Коомдук Кеңешинин кечээки отурумунан кийин эмне иш-чараларды өткөрмөй болдуңуздар?
Учурда аларды саны Кичи Памирде – 800-900, Улуу Памирде – 1100 адамдын тегерегинде, жалпы алганда 2000ге чукул этникалык кыргыздар жашашат. Биз алардын тагдырына кайдыгер карай албайбыз.
Экспедиция этникалык кыргыздар менен мамлекеттик чек арадан (Афганистан-Тажикстан чек ара аймагынан) аймагынан эле кездешет. Алар тоодон түшүп келишет да, чек арага келишет да, ал жерге түшүрүлгөн жүктү, жардамды алып кетишет. Өткөн жолу да, быйыл ноябрда барганда да ушундай жол менен жолуктук. Макулдашууга кол коюлуп калса, кызматташуу жана жардам көрсөтүү деңгээли активдешет эле.
— Эми Кыргызстандын ичиндеги этникалык кыргыздар маселесин өтсөк?
— Кайрылмандардын саны биздин статистика боюнча 50 миң адамдын тегерегинде. Ал эми башка эксперттер республика ичиндеги этникалык кыргыздардын бейрасмий саны 90 миңге чейин деп жатышат. Алардын ичинен 42 миңден ашууну кыргыз жарандыгын алышкан. Ал эми 5-6 миң адам кайрылман статусуна ээ болуп, жарандыкты күтүп жатышат.
— Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү туурасында маселе көп көтөрүлүп келет, өкмөт, анын ичинде министрлик бул жаатта эмне иш алып барып жатат?
— Учурда этникалык кыргыздар боюнча алар турак-жай менен камсыз кылуу, тактап айтканда, жер тилкелерин берүү, балдарды мектепке жана бала бакчага орноштуруу, медициналык тейлөөгө алуу, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоо боюнча көйгөйлөр турат. Этникалык кыргыздар негизинен Тажикстан менен Өзбекстандан келишкен жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында жайгаштырылган.
Көйгөйгө эле кабылбастан, толук кандуу отурукташып, ал тургай мамлекеттик кызматта иштеп жаткандары да бар. Мисалы, Сокулуктун паспорт берүү столунда ишке орношкон этникалык кыргыз байке менен да биз тыгыз иш алып барабыз.
Министрликтин алдына этникалык кыргыздардын маселелери боюнча иш алып бара турган коомдук кеңеш ачылган, анын мүчөлөрү биз айтып жаткан этникалык кыргыздардын лидерлери. Биз ошол кеңеш менен иштеп, эмне маселе болуп жаткандыгын, анын чечүү жолдорун, этап-этап менен жасала турган иштерди алар менен сүйлөшүп, талкуулап турабыз. Мындайча айтканда, этникалык кыргыздардын маселелерин чечүүдө бул кооом бизге жакшы жардамчы болуп келишет.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу кийинки милдеттердин бири. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин мамлекет башчынын маалымат кызматы жазды.
"Кийинки милдет Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мамлекет аларга жумушка орношууга өз убагында жардам көрсөтүп, өз Мекенине кайтып келгенден кийин жеке бизнесин ачууга, балдарына татыктуу билим берүүгө, алардын келечеги үчүн кам санабай тургандай кылып шарт түзүп бериши керек", — деген Жапаров.
Ал иштеп тапкан акчасын узак мөөнөттүү инвестицияга, аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын, алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштелип чыгып, кабыл алынарын айткан.
Программада алардын топтогон каражатынын бир бөлүгүн бизнес ачууга/өнүктүрүүгө же "мигранттар үчүн "1+1" схемасы менен бизнес ачууну каржылоо/аны өнүктүрүүгө" жеңилдетилген насыя берүү схемасы боюнча инвестициялоого мамлекет колдоо көрсөткөн инструменттерди түзүү каралган."Албетте, чет жакта иштеп жаткан жарандарыбыз мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү кажет", — деген президент.
Ушул эле маегинде Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кечээ аяктаган иш сапарында эмне белек кылгандыгын айтып берген.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.