МКК: мигранттар да биометрикалык маалыматтарын тапшыра алат

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота по сбору биометрических данных населения
Работа по сбору биометрических данных населения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет мамлекетте жүргөн Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө бир нече жабдыктар жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Чет мамлекетте убактылуу жашап жүргөн мекендештердин биометрикалык маалыматтарын берүүгө мүмкүнчүлүгү пайда болгонун Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) маалымат кызматы билдирди.

Коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чинара Усупбаеванын билдиришинче, чет жакта жүргөн мигранттардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн шарттар түзүлүүдө.

"Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууну жакшыртуу үчүн чет мамлекетте иштеп жүргөн жарандардын биометрикалык маалыматтарын тапшыруусуна шарттар түзүлүүдө. Тактап айтканда, чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөргө атайын жабдыктар жөнөтүлдү", — дейт ал.

Сбор биометрических данных - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар келерки жылы ажыга бара албайт
Учурда Кыргызстандын чет жактагы элчиликтерине биометрикалык маалымат чогултуучу 12 жабдык жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигине 5 жабдык, Казакстанга 3 жана Түркияга 2 комплект жабдык жөнөтүлгөн. Ошондой эле Араб эмираттарына жана Түштүк Кореяга бирден комплект жабдык жиберилген.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында биометрикалык маалыматтарын тапшырууда жарандардын укугун тебелеген аткаминерлер жазага тартыларын билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0