Биометриялык маалымат берүүнү РФтеги кыргызстандыктардын баары билбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Биометрикалык маалыматтарды чогултуу
Архив: Биометрикалык маалыматтарды чогултуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөлөрдөгү мекендештер Екатеринбург менен Новосибирскте жүрүп жаткан биометриялык маалымат топтоо процесси тууралуу айтып берип жатып, Россияда жүргөн кыргызстандыктарга жеке маалыматтарын тапшыруу процедурасы тууралуу жакшы маалымат берилген эместигин белгилешти.

БИШКЕК, 20-янв—Sputnik. "Биометриялык маалымат топтоо жүрүп жатканы тууралуу Россияда кыргызстандыктардын баарына толук маалымат жеткен эмес", — деп эсептейт "Замандаш" ассоциациясынын өкүлү жана Новосибирскте "Асман" ААКнын директору Замир Чекирбаев.

Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын РФтеги элчилиги КРдин жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоо жайлары Москвада, Новосибирскте жана Екатеринбургда ачылганын билдирген. 2015-жылдын башына карата Россиянын аймагында жашап жаткандардын миңден ашыгы жеке маалыматарын тапшырууга жетишкен.

"Биометриялык маалымат топтоо жүрүп жатканы тууралуу маалымат жетишсиз. Маалымат топтоо боюнча ишке мен канааттанган жокмун", — деп белгиледи Чекирбаев.

Анын айтымында, 2015-жылдын башына карата Новосибирскте 300 кыргызстандыктын жеке маалыматтарын тапшыруусу начар көрсөткүч болуп эсептелет. 

"Бул жагынан биз менен кызматташса болмок. Биздин офиске күн сайын 50 кыргызстандык келет. Ошон үчүн биз өкүлчүлүккө көмөк кыла алмакпыз", — деди "Замандаш" ассоциациясынын өкүлү.

Екатеринбург шаарында кыргызстандыктар биометриялык маалыматтарын анча каалоосуз тапшырып жатат деп билдирди кыргыз диаспорасынын жетекчиси Камчыбек Каримов Sputnikтин кабарчысына.

"Жеке маалыматтарды топто иши жүрүп жатат, бирок баары келбей эле. Бүгүнкү күндө Екатеринбургда биометриялык маалыматын 510 адам тапшырды. Бирок элдер бул процедурадан өтүүнү анча каалабайт", — деди диаспоранын башчысы.

Работа по сбору биометрических данных населения - Sputnik Кыргызстан
Россияда КРдин жарандары үчүн биометриялык маалымат топтоо жайлары ачылган
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен биометриялык маалымат топтоо процедурасы күн сайын саат 09.00дөн 18.00гө чейин, ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүнөн башка бардык күндөрү жүрүп жаткандыгын айтышты. Биометриялык маалымат тапшырууга келгендердин КРдин паспорту (ID-карта, жалпы жарандык паспорт же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт) болушу керек. Биометриялык маалыматтарды топтоо акысыз жүрөт.

Москвада биометриялык маалымат тапшыруу жайын Большая Ордынка к., 64 дареги боюнча тапса болот; Екатеринбургда аталган жай Большаков к., 10; ал эми Новосибирскте — Красный проспект к., 220, 2-корпус/350 дареги боюнча жайгашкан.

Кыргызстанда биометриялык маалыматтарды топтоо өткөн жылдын 28-августунда башталган. Биринчи эле күнү өз маалыматтарын премьер-министр, фракция башчылары, Жогорку Кеңештин вице-спикерлер, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри тапшырган. Биометриялык маалымат топтоо үчүн жабдуулар менен камсыз кылууга тендерди Германиянын Giesecke & Devrient GmbH компаниясы утуп алган.

Биометриялык маалыматка бармактардын изи, санариптик сүрөт, электрондук жол менен коюлган колкирет. Аталгандардын баары ар бир адамдын кайталанбай турган жеке маалыматтары болуп эсептелет. Топтолгондон кийин биометриялык маалыматтарды жасалмалоого болбойт, жана алар адамдын ким экендигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0