Казакстанда кулчулукта жүргөн 25 жаштагы кыз куткарылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДеревня Богатырь в Донецкой области
Деревня Богатырь в Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече жылдан бери Казакстандын Алматы облусунда эмгек кулчулугунда жүргөн кыргызстандык кыз куткарылды. Ал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну экенин айткан.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Казакстанда бир канча жылдан бери эмгек кулчулугунда жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык кыз мекенине кайтарылды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын Алматы шаарындагы өкүлү Туратбек Аманбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, эмгек кулчулугунда кармалган кыз 1990-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну.

Аманбаевдин айтымында, кызды диаспоранын өкүлдөрү Алматы облусунун Енбекшиказак районундагы Маловодное айылынан бир үй-бүлөдө жүргөнүн байкап калган. Анын жанында эч кандай документи болгон эмес. Бул жакка кантип келип калганын да түшүндүрүп бере алган эмес. Анын психологиялык жактан жабырланганы жана акыл-эсин кичине жоготкону байкалат.

Кулчулуктан куткарылган кызды ассоциациянын Бишкектеги офисине 7-февралда алып келишкен. 

Аны Нуриля деген аял тамеки талаасында иштейсиң деп алып барып, алдап кеткенин айтып берген. Ал Казакстанда бир канча кишиде курсагын тойгузуш үчүн эле иштегенин, аны сабап фермада уй сааттырып иштетишкенин айтып берген. Кылган жумушу үчүн ага эч кандай акы төлөшкөн эмес.

Казакстандын ички иштер органдарынын кызматкерлери, дипломатиялык кызматкерлер жана кыргыздардын диаспорасынын өкүлдөрүнүн жардамы менен ал эмгек кулчулугунан бошотулган.

Учурда анын жакын туугандары изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0