Мигранттардын ЕАЭБда жашоосу түп-тамырынан өзгөрөт — премьер

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМигранттар. Архив
Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысынын айтымында, ЕАЭБ форматында мигранттардын жашоо жана иш шарттары кескин өзгөрөт. Ошондой эле министрлер кабинети "кара тизмеге" киргизүү шарттарын оңдоо боюнча иш жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Sputnik кабарчысына Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууда өлкөнүн жарандары үчүн миграциялык процессте боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

— ЕАЭБга кошулгандан кийин эмгек мигранттардын турмушу кандайча өзгөрөт? "Кара тизме" кыскарабы?

— Биздин мигранттардын турмушу түп-тамырынан өзгөрөт. ЕАЭБнын төрт өлкөсүндө биздин жарандардын эмгек укуктары ошол мамлекеттердин жарандарынын укуктары менен тең болот. Башкача айтканда, ишке уруксат алуу, патент сатып алуу ж.б. талап кылынбайт.

ФМК мигранттарга өздөрүн "кара "тизмеден" текшерип алууга кеңеш берет
Сапаттуу өзгөрүүлөр болот, жана биздин жарандар өнөктөш өлкөлөрдө өзүлөрүн татыктуу сезишет. Биз "кара тизмеге" либералдуу мамиле кылуу жөнүндө Федералдык миграциялык кызмат менен иш жүргүзүп жатабыз. Айрымдар ага миграциялык тартиптерди атайы бузгандык үчүн эмес, кокусунан эле түшүп калышкан. Ошондуктан андайлар үчүн бул тизмеге киргизүү эрежелери жакшыртылып, мыйзамды анык бузгандар гана анда болушу керек.

Жоомарт Оторбаевдин Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү жөнүндөгү суроолорго берген жоопторун эксклюзивдүү маектен толук окуңуздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0