ФМКнын "кара тизмесинде" 40 миңдей кыргызстандык бар

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүФМКнын текшерүүсү. Архив
ФМКнын текшерүүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" 40 миңдей Кыргызстандын жарандары бар. Бул тизмеге түшүп калгандар анын мөөнөтү аяктамайынча Россиянын аймагына кире алышпайт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 40 миңге жакын Кыргызстандын жараны Россиянын Федералдык кызматынын "кара тизмесине" түшүп калганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы департаментинин бөлүм башчысы Бактыбек Үмөтов маалымат жыйында билдирди.

Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын ЕАЭБда жашоосу түп-тамырынан өзгөрөт — премьер
Анын айтымында, "кара тизмеге" түшүп калгандар анын мөөнөтү аяктаганга чейин Россиянын аймагына кире алышпайт. Кирүүгө тыюу салуу 3 жылга чейин созулушу ыктымал.

Бул тизмеге Россиянын мыйзамдарын бузган кыргызстандыктар түшөт. Кыргызстандыктар негизинен, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн так сактабайт жана патенти жок иштеп мыйзам бузушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0