Москванын алдындагы Миграциялык борбор дем алышсыз иштейт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүВыдача первых патентов в Едином миграционном центре Московской области
Выдача первых патентов в Едином миграционном центре Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва областынын Красногорск районундагы Миграциялык борбор чет элдиктерди саат 07.00дөн 20.00гө чейин кабыл алат. Ошондой эле ал дем алыш жана майрам күндөрү да иштейт.

БИШКЕК, 25 мар — Sputnik. Москванын алдындагы бирдиктүү миграциялык борбор эми иш убактысынан тышкары да иштейт деп билдирет РИА Новости

Миграциялык борбордун иш күнүн узартуу себеби Россияда расмий иштөөгө уруксат берүүчү документтерди толтуруп жаткан чет элдик жарандардын көбөйүшүнө байланышкан.

Мигранттар патент алуудагы жаңы эрежелер боюнча кабатырланууда
2015-жылдан тартып Россиянын визасыз мамилелери бар өлкөлөрдөн жумушчуларга карата РФте квоталар жоюлган болчу. Чет элдик жумушчулар ишке орношуу үчүн жеке адамдардан же юридикалык тараптардан патент алуулары керек.

Чет элдик жаран патент алыш үчүн орус тилин, Россиянын тарыхын жана мыйзамдарын билүү боюнча сынактан өтүшү талап кылынат.

Четтен келгендер Красногорск миграциялык борборуна "Митино" метросунан жөнөй турган кошумча автобустар менен жете алат.

Жылдын башынан бери эле Россияда иштөөгө документтерди толтурууга 200 миңге жакын чет элдик жаран кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0