Мзареулов: РФ кыргызстандык мигранттардын балдарына мектеп курууга жер берүүгө даяр

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОбучение мигрантов русскому языку. Архивное фото
Обучение мигрантов русскому языку. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия өзүнүн аймагында иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык мигранттарынын балдарына мектеп үчүн жер бөлүп берүүгө даяр, бирок, курулуш жана окуу китептери менен камсыздоо жагын КР өзүнө алышы керек.

БИШКЕК, 31-мар. – Sputnik. Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын балдары үчүн кыргыз тилиндеги мектеп ачуу маселесин кароодо россиялык тарап жер бөлүп берүүгө даяр. Бул туурасында ЖКнын комитет отурумунда РФтин Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Алексей Мзареулов билдирди. 

Элчиликтин өкүлү жер бөлүнүп берилерин, бирок, курулуш жана башка маселелерди Кыргызстан өзү тарап колго алышы керектигин айтты.

"Орус жергесиндеги кыргыз мигранттардын балдары үчүн кыргыз тилиндеги мектеп ачуу маселесин кароодо россиялык тарап жер бөлүп берүүгө даяр, болгону грузиндер сыяктуу мектептин курулушунан тартып, анын китеп менен камсыздалышы, кадрлар менен толукталышы жагын Кыргызстан өз жоопкерчилигине алышы керек", — деди Мзареулов.

Россиялык дипломат башка өлкөлөрдөн келген элге караганда, Россияда биздин мекендештер жакшы жүрүм-туруму жана орус тилин, өлкө тарыхын жакшы билгенлиги менен айырмаланарын кошумчалады. 

"Алардын (кыргызстандык мигранттар – ред.) басымдуу бөлүгү ресторан бизнесинин түрүн жакшы жолго коюп алышкан. Орус жергесинде жүргөн эмгек мигранттарынын ичинде өзбек, тажик, азербайжан улутундагыларга караганда, кыргыз мигранттары өздөрүн алып жүрүү жагынан эле эмес, орус тарыхын жана тилин мыкты билгендиги менен айырмаланып турат ", — деди Мзареулов. 

Учурда Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча 600 миңге жакындап барат. Ал эми КРдеги бейрасмий маалыматтарга ылайык, алардын саны 1 миллионго жакын.

Жаңылыктар түрмөгү
0