Ош – Томск авиакаттамы кайтадан иштей баштайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүү"Уральские авиалинии" компаниясынын учагы. Архив
Уральские авиалинии компаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аба каттамы боюнча учак 12-майдан 20-октябрга чейин учат. Жүргүнчүлөрдү Airbus 320 үлгүсүндөгү учак тейлейт.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эл аралык Ош аэропортунда 12-майдан тарта Ош – Томск каттамы иштеп баштайт. Жүргүнчүлөрдү "Уральские авиалинии" компаниясы ташый турганын РИА Новости билдирди.

Бишкек — Томск автобус каттамы жаңыланды
24-февралда Томсктун аэропортуна Оштон алгачкы каттам келип конгон. "Уральские авиалинии"  ар шейшемби күнү аталган  каттамды аткарууну пландап, бирок ал ишке ашкан эмес. Авиакомпаниядан билдиришкендей, мындай чечим экономикалык себептен жана учуу программаларын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Азыр аталган каттам кайсы күндөрү уча турганы такталууда.

Эки шаар ортосундагы каттам 12-майдан 20-октябрга чейин иштеп, жүргүнчүлөрдү Airbus 320 учагы ташыйт.

Ош – Томск каттамынын болжолдуу баасы 6,3 миң сом, ал эми Томсктон Ошко 5,9 миң сом болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0