Москва шаары. Архив

Москвада Кыргызстандын миграция боюнча өкүлчүлүгү ачылат

55
(жаңыланган 12:22 16.04.2015)
Тийиштүү келишимге эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Москва шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин миграциялык органдарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында кол коюлду.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн Москва шаарында ачуу боюнча келишимге кол коюлганын аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

14-15-апрель күндөрү министр Айбек Азыранкулов Москва шаарына иш сапары менен барып, КМШ мамлекеттеринин миграциялык органдарынын жетекчилер кеңешинин жыйынына катышты. Ошондой эле Россиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу алдында кыргызстандыктардын Россияга кирүү укуктарын кеңейтүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында министрликтин өкүлчүлүгүн Москва шаарында ачуу келишимине кол коюлду.

Министр кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен да жолугуп, Москва облусундагы Бирдиктүү миграциялык борбор менен таанышты.

55
Белгилер:
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, ФМК, Кыргызстан, Россия
Пикирлер