Бишкектен Новосибирскиге аба каттамы ачылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүAirbus A330 учагы. Архив
Airbus A330 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары каттамдардын санын жумасына эки жолу жүргүзүү пландалып жатканын авиакомпаниядан белгилешти.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандын авиакомпаниясы Новосибирскиден Бишкекке учууларды баштады деп билдирди компаниянын менеджери Лилия Калыкова.

Анын айтымында, Новосибирскинин эл аралык аэропортунун (Толмачево) жаңы өнөктөшү "Эйр Манас" авиакомпаниясы 19-апрель күнү Бишкек — Новосибирск — Бишкек багыты боюнча алгачкы каттамын жүргүздү. 

"Учууларды ар аптанын жекшембисинде Boeing 737-400 учагы аткарат. Бишкектен ал дайыма саат 11.00дө учуп чыгып, ал эми Новосибирскиден артка карай саат 15.00дө жөнөтүлөт", — деди менеджер.

Мындан ары каттамдардын санын жумасына эки жолу жүргүзүү пландалып жатканын авиакомпаниядан белгилешти.

Жол киренин баасы 80-100 доллардын айланасында болорун компаниянын менеджери кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0