Москва шаарындагы мигранттар. Архивы

Мзареулов: ЕАЭБге киргенден кийин КР жарандарына "мигрант" сөзү колдонулбай калат

436
(жаңыланган 17:17 28.04.2015)
Ош шаарында Кыргыз жана орус депутаттары Кыргызстан менен Россиянын административдик аймактарынын ортосундагы түз регион аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап жатышат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарында Кыргызстан менен Россиянын парламент аралык кызматташтык боюнча жыйында РФдин КРдеги элчисинин кеңешчиси Алексей Мзареулов ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын жарандарына карата "мигрант" деген сөз колдонулбай калаарын айтты. 

Парламент аралык комиссиянын мүчөлөрү Кыргызстан менен Россиянын административдик аймактарынын ортосундагы түз регион аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 

Мзареулов парламент аралык комиссиянын байкоо жүргүзүүчү иш милдети, кабыл алынган макулдашуулар менен келишимдерди так сактоого көзөмөл жүргүзүү маанилүү экенин эске салды.

"КР ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын жарандарына карата "мигрант" деген сөз колдонулбай калат, башкача айтканда Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын эмгек укуктары тептең болот", — деди элчинин кеңешчиси Мзареулов. 

Кеңешчи өлкө ЕАЭБге кирген соң эмгек миграциясынын күчөшү күтүлүп жатканын айтты.

"Кыргызстандыктар орус коомчулугуна жеңил ыңгайлашат, анткени алар орус тилин жакшы билишет, билимдүү", — деп баса белгиледи ал. 

Жыйынга катышып жаткан КРдин Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өз кезегинде акыркы убакта Россиянын субъектилери менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелер кыйла күч алганын белгиледи. Атап айтканда, 2015-жылы Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минноханов менен Башкыртстан башчысы Рустэм Хамитов келип кетишкен.

Бул иш сапарларынын жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-татар жана кыргыз-башкыр биргелешкен өкмөт аралык комиссияларын түзүү макулдашылганын эске салган министрдин орун басары, азыркы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөт аралык биргелешкен комиссиясынын алкагында да кызматташтык жандуу өнүгүп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, азыркы тапта Курган облусунун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши да пландалып жатат.

436
Белгилер:
парламент, Евразиялык экономикалык биримдик, Алексей Мзареулов, Россия, Кыргызстан