Түркиядагы кыргызстандыктар достукту спорт менен чыңдашат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТуркиянын желеги. Архив
Туркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук оюндарга Түркиянын 16 шаарынан келген команда катышат. Турнирдин максаты Түркияда жашап жаткан кыргызстандыктардын ортосундагы достукту чыңдоо.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Түркиядагы кыргызстандыктар достукту спорт менен чыңдоого ниеттенип жатышканын "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

30-апрелден 4-майга чейин Түркиянын Кайсери шаарында "Kayseri cup 2015" деп аталган турнир өтөт. Ага Түркияда окуп иштеп жаткан мекендештер катышат. Уюштуруучулар билдиргендей, аталган турнир он жылдан бери Бурса, Анталия, Стамбул, Кожатепе, шаарларында өткөрүлүп, быйылкы турнир Кайсери шаарында болууда. Спорттук оюндарга Түркиянын 16 шаарынан келген командалар катышат. Турнирдин максаты — Түркияда жашап жаткан кыргызстандыктардын ортосундагы достукту чыңдоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0