Екатеринбургда жоголуп кеткен кыргызстандык Болсунбектин ата-энеси табылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБөбөк атасынын колунда. Архив
Бөбөк атасынын колунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Екатеринбургдун (Россия) шаардык полициясына 7-майда адашып калган кичинекей бала алынып келинген. Учурда ал балдар ооруканасында.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Екатеринбургда адашып кеткен кичинекей баланын ата-энеси полиция тарабынан табылганын Россиянын Ички иштер министрлигинин Свердлов облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Нини Пелевина Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

7-майда Екатеринбургда адашып кеткен бөбөктү шаардыктар байкап, полицияга кабар беришкен соң, полициянын №10 жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнө алынып келинген. Андан соң ооруканага жеткирилген.

Пелевинанын айтымында, кичинекей бала таптакыр орусча сүйлөбөйт, болгону ата-энеси урушуп кеткендиктен үйүнөн кетип калганын аныктай алышкан.

"Бала таза кийинген, абдан кыймылдуу жана башкалардан коркпойт. Бирок, ал бутуна чоң келген бут кийимди кийип алыптыр", — деп билдирди Пелевина.

Ал ошондой эле, баланын ата-энелери ким экени болжол менен аныкталганын, алар Москва убактысы боюнча саат 15.00дө полициянын бөлүмүнө эмне үчүн баланы кароосуз калтырганын түшүндүрүп берүү үчүн чакырылганын кошумчалады.

"Жолугушуудан кийин аларга карата процессуалдык чечим кабыл алынат. Аларга же түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилет, же Россиянын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат", — деди ал.

Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 10 миңден ашык бала ата-энелердин камкордугунда эместиги аныкталды
Пелевина биринчиден эмне үчүн мындай болгонун аныктоо керектигин айтты.

"Замандаш" ассоциациясынан билдиришкендей, адашып кеткен баланын ата-энесин табууга кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да активдүү жардам беришкен.

Баланан аты Болсунбек экенин, атасы – Майрамбек, апасы – Гүлмира экенин аныкталган. Ата-энеси урушуп кеткендиктен бөбөк үйүнөн кетип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0