АКШнын Чикаго шаарында биринчи жолу кыргызча гезит чыгат

© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүЧикаго шаары. Архив
Чикаго шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган гезит Америкадагы кыргызстандыктардын достук мамилесин чыңдоо жана ал жакта ташы өйдө кулаган мекендештерди даңазалоо максатында уюштурулду.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Америкада биринчи жолу кыргыз тилинде чыга турчу "Менин Кыргызстаным" гезити Чикагодогу кыргыздарга арналган жарнамалык багыттагы басылма экенин гезиттин башкы редактору Таттыбү Назаркулова Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Назаркулованын айтымында, гезитте Америкага келген мекендештерге жардам берүүчү маалыматтар да жарыяланат.

"Ар бир адам бөлөк-бөтөн жерге барганда тилин-дилин сагынат. Анан турмуштагы муктаждыктардан улам дарыгер, адвокат, автоунаа оңдоотуу, бала-бакча өңдүү көйгөйлөргө кабылат. Гезит аркылуу бул көйгөйлөрдү жеңилдеткенге аракет кылабыз. Биз жердештерибизге кыргыз жана орус тилинде кызмат көрсөткөн жайларды сунуштайбыз", — дейт ал.

Басылманын АКШдагы редактору жана кабарчысы Улан Бекташовдун айтымында, гезитти бир айда эки жолу 6 000 тираж менен чыгаруу пландалууда.

"Гезитибиздин башкы максаты Чикагодогу кыргыздарга тиешелүү, керектүү маалыматтарды жеткирип, журтташтарыбыздын жашоо-турмушун чагылдырып, соңку жаңылыктарды байма-бай жарыялап туруу", — дейт Бекташов. 

АКШдагы кыргыз балдар үчүн "Алиппе" чыкты
Маалымат технологиялары өнүккөн заманга карабай убакыттын абдан тардыгынан мекендештер кабардар болбой калган учурлар көп кездешерин айткан Назаркулова, Чикагодо болуп жаткан жаңылыктар менен ал жактагы кыргызстандыктарды кабардар кылып туруу үчүн алар көп барган ресторан, ашканаларга гезиттер таратыла турганын баса белгиледи.

Бекташов бул демилге мекендештер тарабынан жылуу кабыл алынып, ал тургай ар кимден ар түрдүү сунуштар түшүп жатканын кошумчалады.

"Кээ бирлери өз ашканаларынын жарнамаларын жайылтуу үчүн келишсе, кээ бир мекендештер өз өнөрлөрүн жана таланттарын билдирүү максатында кайрылып жатышат", — дейт ал.

Американын башка аймактарына салыштырмалуу Чикаго шаарында кыргызстандыктар көп жашайт. "Менин Кыргызстаным" гезити АКШда биринчи жолу кыргыз тилинде чыгып жаткан басылма. Анын редакциясында жалпысынан 4 киши иштейт. Башкы редактору Таттыбү Назаркулова жана ошондой эле эки кабарчы – Самат Сулайманов менен Марс Султанбеков Кыргызстанда отурат. АКШдагы редакторлук жана кабарчылык кызматты Улан Бекташов аркалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0