Кыргыз студенттери үчүн Россияга тоскоолдуксуз кирүүгө жол ачылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосквадагы мигранттар. Архив
Москвадагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз жарандарынын жеңил тартип бузуулары үчүн штраф төлөп, Россиянын "кара тизмесинен" чыгаруу мүмкүнчүлүгү сунушталды.

БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Россиядан билим алып жаткан кыргызстандык студенттер эми аталган өлкөгө тоскоолдуксуз кире алышарын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев мигранттарды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды
2015-жылдын 21-май күнү Сочи шаарында миграция маселелери боюнча түзүлгөн кыргыз-орус жумушчу тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда Россия аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салынган жарандардын тизмесинен аларды чыгаруу маселеси талкууланды. 

Мындан тышкары, жарандардын жеңил тартип бузуулары үчүн штраф төлөп, "кара тизмеден" чыгуу мүмкүнчүлүгү сунушталды. Ошондой эле тараптар Жогорку Кеңешке боло турган шайоодо добуш берүү укугун пайдаланалбай калышы мүмкүн болгон Кыргызстан жарандарынын Россияга тоскоолдуксуз кирип-чыгуу маселесин өзүнчө кароону макулдашышты.

"Россияга кирүүгө убактылуу тыюу салынган мигранттарды амнистиялоо жөнүндө  өлкө башчысы менен өкмөттүн өтүнүчү Россия жетекчилигине жөнөтүлдү", — деп билдирди министрдин орун басары Алмаз Асанбаев.

Ошондой эле жыйында Россиянын ЖОЖда окуган кыргыз студенттеринин аталган өлкөгө кирүүгө болгон чектөөнү алып салуу боюнча макулдашылды. Россия бул маселени жакын арада чечүнү убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0