Хакасияда үй-жайы өрттөнүп кеткен мигранттарга Атамбаев 420 миң сом бөлдү

© Sputnik / Денис Мукимов / Медиабанкка өтүүХакасияда үй-жайы өрттөнүп кеткен мигранттарга Атамбаев 420 миң сом бөлдү
Хакасияда үй-жайы өрттөнүп кеткен мигранттарга Атамбаев 420 миң сом бөлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
60 миң сом өлчөмүндөгү каражат россия рубли менен ар бир жабыркаган кыргызстандык үй-бүлөгө берилди.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгү Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык үй-бүлөлөргө акчалай жардам бергенин элчиликтин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, даректүү жардам Хакасиянын Новокурс айылында өрттөн жабыр тарткан кыргызстандык үй-бүлөлөргө апрель айынын аягында көрсөтүлгөн.

"Президент Алмазбек Атамбаевдин өзүк фондунан компенсация катары бөлүнгөн каражат россия рублине которулуп, ар бир үй-бүлөгө 60 миң сомдон тийди", — дейт Кулукеева.

Кыргызстандык жаран Хакасияда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнү демилгелеп жатат
Сүт фермасында иштеген мигранттар ар кыл укуктук маселер жана ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге өтүүсү жөнүндө маалымат алышты. 

Кыргызстандык мигранттар кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн өлкө башчысына ыраазычылык билдиришти. Жергиликтүү администрация жана ферма жетекчилери менен мамилеси жакшы экенин белгилешкен мигранттар мындан ары да Новокурск айылында иштей беришерин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0