Россиянын өкмөтү Кыргызстан менен миграциялык режимди жеңилдетүүнү колдоду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүФедералдык миграция кызматкери документтерди текшерип жаткан кези. Архив
Федералдык миграция кызматкери документтерди текшерип жаткан кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктар 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрө алат. Ушундай эле тартип Кыргызстанда жүргөн Россиянын жарандарына да тийиштүү.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрө ала турган келишимди Россиянын өкмөтү жактырганын РИА Новости билдирди.

Орус өкмөтү тарабынан жактырылган келишим өлкө президенти Владимир Путинге жөнөтүлөт. Мындай келишим эки мамлекеттин жарандары үчүн миграциялык режимди бир кыйла жеңилдетет.

"Россиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктар 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрө алат. Ушундай эле тартип Кыргызстанда жүргөн Россиянын жарандарына да тийиштүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Отуз күндүк мөөнөт жарандын өлкөгө кирген күнүнөн тарта эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0