Хабаровск шаарынын 157 жылдыгына кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да катышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүХабаровск шаарынын вокзалы. Архив
Хабаровск шаарынын вокзалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар Хабаровск шаарындагы КРдин башкы консулу менен колдоруна Кыргызстандын желегин кармап алып параддан өтүштү.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Хабаровск шаарынын түптөлгөнүнүн 157 жылдыгына карата ишемби күнү уюштурулган майрамдык парадка кыргызстандыктар да катышты. Хабаровск шаарындагы Кыргызстандын консулу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен чогуу колдоруна Кыргызстандын желегин кармап алып шаардын негизги аянтынан өткөнүн "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы майрам маштабдуу түрдө белгиленип, парадка түрдүү диаспора менен мекемелердин өкүлдөрү катышты. Ошондой эле, асманга шарлар учурулуп, жомоктун каармандары балдардын маанайын көтөрдү.

Шаардын туулган күнү майрамдык салюттар менен жыйынтыкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0