Россия шаарында жүргөн мигрант. Архив

Хабаровскидеги кыргызстандык мигранттар мыйзамды баарынан аз бузушат

67
(жаңыланган 09:56 02.06.2015)
Хабаровск аймагынын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев Хабаровскинин Ички иштер министрлигинин башкармалыгынын жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстандан келген мигранттардын абалы туурасында сөз болду.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Кыргызстандан келген мигранттар баарынан аз мыйзам бузушат деп билдиришти Хабаровск Ички иштер министрлигинин башкармалыгынан.

"Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматынан Хабаровск крайынын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев Хабаровскидеги аталган түзүмдүн жетекчилиги менен жолуккандыгын билдирди. Жолугушууда Кыргызстандан келген мигранттардын абалы туурасында сөз болду.

Тараптар Хабаровск аймагындагы мекендештерге укуктук, маалыматтык жактан жардам көрсөтүү боюнча макулдашты.

"Ардактуу консулдун кат түрүндө жазылган бардык кайрылуулары ИИМдин башкармалыгынын жетекчисине берилди. Ал документтердин бардыгы каралып чыгып, кайрылгандарга өз учурунда жардам көрсөтүлө тургандыгына ынандырды", — деп билдиришти "Замандаштан". 

Мындан сырткары кыргызстандыктар полицияга түшүп калган учурларда дароо Ардактуу консулга маалымдоо макулдашылды. Андан сырткары эки тарап иш мигранттарды иштетип алдап кеткен же мыйзасыз иш-аракеттерди жасаган иш берүүчүлөр туурасында да сүйлөштү. 

Хабаровскинин ИИМинин башкармалыгынан ар түрдүү мамлкекеттерден келген мигрантатрдын арасынан кыргызстандыктар мыйзамды көп бузбагандардын катарына кирээрин айтышты.

67
Белгилер:
Мигрант, Кадырбек Мырзабаев, Хабаровск аймагы
Тема боюнча
КР мигранттары Хабаровскидеги волейбол боюнча мелдеште коло медаль алышты
Хабаровск шаарындагы кыргыздар өчпөс отту ачуу салтанатына катышты
Пикирлер