Кароосуз калган кыргызстандык балдар Кремлде болуп, "Космостон" тамактанышты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүКремль. Архив
Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир балага белекке кызыктуу китеп-журналдар жана таттуу шириндиктер берилди.

БИШКЕК, 6 июнь — Sputnik. Кыргызстандын аз камсыз болгон жана көп балалуу үйбүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ата-энесинин кароосунан ажыраган жеткинчектер 29-майдан 3-июнга чейин Москва шаарында балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамга катышып келишти. 

Балдар Москвага Россиялык балдар фондунун чакыруусу менен барышканын, иш-чара элчиликтин колдоосу менен уштурулганын КР элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. 

Маалыматка ылайык, балдарга "Кай жана Герданын тарыхы" аттуу опера көрсөтүлүп, балдар фондунун төрагасы, жазуучу Альберт Лиханов РФ президенти Владимир Путиндин куттуктоосун окуп берди.

"Майрамдын алкагында кичинекей кыргызстандыктар Кремлде, Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде, планетарийде, зоопарк, Царицыно коругунда, Кызыл Аянтта болушту", — дейт Кулукеева.

Сариев: чоочун бала болбой турганын ар бирибиз билишибиз керек
Кыргызстандык балдар Москванын — "Метрополь", "Космос", "Золотое кольцо", "Сретенский" сыяктуу мыкты ресторандарынан тамактанышкан. 

Ар бир балага кызыктуу китеп-журналдар жана таттуу шириндиктер берилди.

Фонд программаны 1-июнга чейин түзгөн, бирок элчиликтин өкүлдөрү уюм менен биргеликте көптөгөн маданий иш-чараларды уюштуруу менен балдардын майрамын дагы эки күнгө созуп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0