Казакстандагы кыргызстандыктар чек арадан өтүүдө төлөм алынып жатканына нааразы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак чек арасындагы өтүү пункту. Архив
Кыргыз-казак чек арасындагы өтүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга мамлекеттик органдар тарабынан тыкыр көңүл бурулушу керек деп белгилейт "Замандаш" ассоциациясы.

БИШКЕК, 9 июнь — Sputnik. Казакстанда жашаган кыргызстандыктар чек арадан өтүүдө акы алынышына нааразы болуп жатышканын "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ассоциацияга Казакстанда жашаган кыргызстандыктар кайрылып, кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө акы алынышынын себептерин сурашкан.

Бажы кызматынын өкүлдөрү 2015-жылдын 12-майындагы Кыргызстанга кирген жана өлкөдөн чыккан чет элдик ири унаа каражаттарынан айлана-чөйрөнү кирдеткени үчүн акы алуу боюнча өкмөттүн токтомун көрсөтүшкөн. 

"Кыргызстандыктар мындай чара, өзгөчө өлкө ЕАЭБге кирип жатканда, мамлекеттик органдардын көрөгөчсүздүгүнөн кабар бере турганын айтышууда. Мекендештердин айтымында, казак номерлүү унаалар чек арадан кайра артка кайтып жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ассоциация токтомдо "жүк ташуучу унаа каражаттарынан төлөм алуу" так жазылып турганы менен прейскурантка жеңил машиналар да, мотоциклдер да кирип калганын белгилейт.

"Туристтик сезон башталды, казак жарандар да, ал жакта иштеп-жашап жаткан кыргызстандыктар да потенциалдуу эс алуучулар болуп саналышат. Алардан кыргыз казынасына бир топ пайда түшөт", — деп белгиленет маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал мамлекеттик органдардын тыкыр көңүл буруусуна муктаж. Жагдай териштирилип, киргизилген саамалыктар тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүшү керектигин "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0