Кыргыз ишкерлери италиялыктар менен кызматташат

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүРимдеги Квириналдык сарай . Архив
Римдеги Квириналдык сарай . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашуу Кыргызстан менен Туриндин ортосундагы ишкерлердин кызматташуусун өнүктүрүүдө натыйжалуу негиз болот.

БИШКЕК, 14-июнь — Sputnik. Кыргызстан менен Италиянын Турин шаарынын Соода-өнөр жай палаталары кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койгонун мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, макулдашуу КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеевдин Турин шаарына болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. 

Турин шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда Шаршекеев Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана инвестициялык климаты тууралуу айтып берди.

"Мындан тышкары, Шаршекеев эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, бүгүнкү күндө ушул багытта бир катар иштер жүрүп жатканын билдирди", — деп айтылат маалыматта. 

Тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулап, аталган Макулдашуу алдыга койгон максаттарды ишке ашырууда натыйжалуу негиз болорун белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0