Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары 37% кыскарды

Жазылуу
Улуттук банк Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу кирүүсүнөн кийин акча которуулардын көлөмү жогорулай турганын божомолдойт.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары жыл башынан бери 37 пайызга төмөндөп, 407,4 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банк (УБ) кабарлайт.

Архив: деньги в руках - Sputnik Кыргызстан
Мигрант: Кыргызстанга салган акчаларыбыздын берекеси кетти
Маалыматка ылайык, учурда рубль менен которулган акчалардын көлөмү жогорулаган.

Эгер март айында мигранттар Кыргызстанга 115,8 миллион доллар жиберсе, апрелде бул көрсөткүч 140 миллионго чейин көбөйгөн.

Улуттук банк Кыргызстандын ЕАЭБге толук кирүүсүнөн кийин акча которуулардын көлөмү жогорулай турганын божомолдойт.

Өткөн жылы мигранттар жалпы жонунан Кыргызстанга Россиядан 2,17 миллиард доллар өлчөмүндө каражат которушкан.

Кыргыз мигранттарынын акча агымдарын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0