По ее словам, в минувшую пятницу посол Болот Джунусов и глава Федеральной Миграционной службы Константином Ромодановский подписали соглашение по которой Кыргызстанцы смогут находиться в России 30 дней без регистрации.

Кыргызстандыктар Россияда каттоосуз 30 күн жүрө алат

465
(жаңыланган 11:28 22.06.2015)
Макулдашуу кол коюлгандан бир айдан кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Кыргызстандыктар Россияда каттоосуз 30 күн жүрө алат

деп билдирди КРдин РФтеги элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева.

Анын айтымында, өткөн бешинчи күнү КРдин Россиядагы элчиси Болот Жунусов менен аталган өлкөнүн миграциялык кызматы тиешелүү макулдашууга кол койду. Документ кол коюлгандан бир айдан кийин күчүнө кирет.

Буга чейин, 17-июнда Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандык мигранттар үчүн жеңилдиктер каралган макулдашууну жактырган. 

465
Белгилер:
Мигрант, Болот Жунусов, Айымкан Кулукеева, Владимир Путин
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар оору тууралуу баарынан көп билет
Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары 37% кыскарды
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин мигранттар боюнча жарлык чыгарды. РФ элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды

18316
(жаңыланган 00:23 22.06.2021)
Россияда жүрүү мыйзамын бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия элчилиги Владимир Путиндин коронавирустун тарап кеткен кесепеттерин жоюу маалында чет элдик жарандардын же жарандыгы жок жүргөн адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убактылуу чараларды караган жарлыгы боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

15-июнда президенттин мигранттардын Россияга келүүсү боюнча чыгарган жарлыгынын мөөнөтү бүтөт. Кеп мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам РФте жүрүү боюнча документтерин узартууга болбой турган буйрук тууралуу болуп жатат. Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктерди миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация кылынбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу ашыкча.

Россияда орнотулган тартипти бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Ал эми мурда башка бир максат менен келген чет элдиктер арызына жаңы максатты көрсөтүп, анысы менен Россияга чындыгында эмнеге келген себебин билдире алышат деп белгилеген элчилик.

Миграциялык каттоого туруу үчүн берген арызында иш берүүчү менен түзүлгөн расмий эмгек же укуктук-жарандык келишим болушу керек.

Эгерде мигранттын бул документи жок болсо, ага айып пул салынат. Эгерде эки ирет айыпка жыгылып, ал өлкөдөн чыгарыла турган болсо, анда өзү эле эртерээк, 30-сентябрда, Россиядан кетип калганы оң.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

Элчилик кыргызстандыктарды Россияда мыйзамдуу жүрүүгө жол ачкан бардык процедураларды 30-сентябрга чейин бүтүрүп алууну суранган.

18316
Белгилер:
мыйзам, айып пул, жарлык, Мигрант, Владимир Путин, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив

Собянин: Москвада мигранттарды эмдөө июлда башталышы мүмкүн

173
(жаңыланган 14:23 18.06.2021)
Собяниндин айтымына караганда, мигранттарды COVID-19га каршы эмдөө үчүн "Спутник Лайт" препараты колдонулат. Россияда алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москвада июль айынын башында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.

Анын айтымына караганда, вакцинацияга "Спутник Лайт" препараты колдонулушу ыктымал.

"Өткөн жылы биринчи кезекте Россиянын жарандарын эмдөөдөн өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чектөөлөр ушуга гана байланыштуу. Учурда "Спутник Лайт" даярдала баштады. Негизи бул "Спутниктин" биринчи классикалык компоненти. Аталган препарат менен мигранттарды эмдөөгө уруксат алууну көздөп жатабыз. Биздин эсеп боюнча эмдөө июлда башталат", — деди Собянин.

Россиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

173
Белгилер:
Сергей Собянин, эмдөө, вакцина, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат
Медициналык кызматкер вакцина менен. Архив

Бишкекте дагы эки эмдөө пункту ачылды, 60тан өткөндөр "Спутник V" алса болот

0
"Спутник V" вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар (дарыгердин багыттамасы болсо) ала алышат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында дагы эки эмдөө пункту ачылды. Каалоочулар ал жерден "Спутник V" вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Пунктулар Ленин райондук (64 45 57, 0505 111 330) жана Свердлов райондук (63 51 22; 0505 286 670) бириктирилген үй-бүлөлүк борборлорунда жайгашкан.

Учурда Бишкекте 24 убактылуу эмдөө пункту иштеп жатат. Дареги:

  • Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 57-09-15, 0 (703) 29-37-93;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 32-55-71, 0 (550) 70-10-02;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк борбору — 62 09 62;
  • Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 үй-бүлөлүк борбору — 43 39 03; 0551 117 744.

Белгилей кетсек, "Спутник V" вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар (дарыгердин багыттамасы болсо) ала алышат.

Кытайлык Sinopharm препаратынын экинчи дозасын саюу дагы уланууда (№4, 9, 14, 15, 16, 17, 19 үй-бүлөлүк медицина борборлору).

0
Белгилер:
үй-бүлөлүк медицина борбору, вакцина, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
COVID: эмделер алдында антителого тест тапшыруунун зарылдыгы барбы
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес