Мигранттар үчүн жаңы макулдашуунун артыкчылыктарын элчи айтып берди

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан ЕАЭБ боюнча артыкчылыктар абдан маанилүү, биринчи кезекте мекендештерибиздин ишке орношуусунда мурункудай эмгек патентин алуу маселеси турбайт. Иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими жетиштүү болот дейт Жунусов.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов Sputnik агенттигине кыргызстандыктардын РФ аймагында жүрүү тартиби тууралуу жаңы макулдашуунун артыкчылыктарын айтып берди.

Мигранттар ЕАЭБ алкагында ишке орношуу жана орун которуунун жолдорун билгиси келет
Өткөн жума күнү Санкт-Петербург шаарында кыргызстандыктардын Россияда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга кол коюлган. Мындан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев ошол эле күнү Константин Ромодановский менен жолугуп, КР жарандарынын Россияда жүрүүсүнө байланыштуу бир катар маселелерди талкуулаган. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу Федералдык миграциялык кызмат (ФМК) тарабынан үч жылга чейин кирүүгө тыюу салынган жарандарга Россияга кирүүгө жол ачылды. Шарт боюнча,  үч жылдык мөөнөттүн жарымы өтүшү керек.

Жунусовдун айтымында, учурда ФМК менен биргеликте келишимдерди ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүп, макулдашуу тууралуу жарандарга түшүндүрүү жолдору иштелип чыгууда.

"Учурда иш  аягына чыга элек, андыктан жаңы макулдашуу боюнча "кара тизмеден" канча адам чыгары азырынча белгисиз", — деди ал.

Ошол эле учурда Россиянын миграциялык мыйзамын бузган КР жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин кандайдыр бир санкцияларсыз РФ аймагына тоскоолдуксуз кирип-чыгууга уруксат берилет. Элчи бул эреже Россияда жүрүү тартибин бузган жана аталган мамлекетте мыйзамсыз жүргөн жарандарга тиешелүү болорун белгиледи.

"Тартип бузуулар ар кыл өңүттө болушу мүмкүн. Мисалы, кыргызстандык жаран миграциялык учетко турган эмес, болбосо каттоого туруп бекитилген 90 күндөн ашуун иштөөгө мүмкүндүк берген эмгек патентин албай калган. Мындан улам ал ФМКда Россияда эмгектенген адам катары катталган эмес", — деп түшүндүрдү элчи.

Башкача айтканда, бул чечим аталган адамдар үчүн кабыл алынган. Мында жарандар белгиленген убакытта Россия аймагынан чыгып, кайра кире алат.

"Россия аймагына кайра кирүүдө өздүк маалымат базасында катталган жарандардын бардык тартип бузуулары жоюлат. Ал адам ЕАЭБдин жаңы эрежесине ылайык эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн таза миграциялык тарыхка ээ болот", — деди Жунусов.

"Россияга кирген жарандар ФМКнын маалымат базасында катталат. РФ аймагында жүргөн учурдагы бардык тартип бузуулар аталган базага киргизилет. Россиядан чыкканда ал адам автоматтык түрдө кара тизмеге кирип калат", — деп түшүндүрдү элчи.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат
Макулдашуунун артыкчылыктарына токтолгон Жунусов алардын абдан маанилүү экенин, биринчи кезекте мекендештерибиздин ишке орношуусу үчүн буга чейин талап кылынгандай эмгек патентин алуу маселеси жаралбай турганын кошумчалады. Элчинин айтымында, мында иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими жетиштүү болот.

ФМКнын маалыматы боюнча 2015-жылдын башына карата болжол менен 77 миң кыргызстандыкка Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0