Россияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 100 миңге көбөйүшү мүмкүн

Жазылуу
Россиянын ФМКнын расмий статистикасы боюнча, КР мигранттар тейлөө, курулуш, соода, кайра иштетүүчү жана өнөр жай тармактарында иштешет.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Россияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны 100 миңге чейин көбөйүшү мүмкүн экенин өкмөт жыйынында Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын агымын көбөйүшү ЕАЭБ алкагында ишке орношуунун жеңилдетилиши себеп болот.

"Аталган факт Кыргызстан жарандарына айлык акысы жогору жумуштарга орношууга мүмкүнчүлүк берет. Себеби, кыргызстандыктар эмгек рыногунда Орто Азиянын башка мамлекеттеринин мигранттарына салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүү келет", — деди министр.

Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын расмий статистикасы боюнча, КР мигранттар тейлөө, курулуш, соода, кайра иштетүүчү жана өнөр жай тармактарында иштешет.

Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2,17 миллиард доллар өлчөмүндө каражат которушкан. Бул өлкөнүн ИДП жалпы көлөмүнүн 30 пайызын түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0