Россиянын федералдык миграция кызматкери документ текшерүү мезгилинде. Архив

Россиянын кара тизмесинен 49 миңге чукул кыргызстандык чыгарылмакчы

249
(жаңыланган 11:45 01.07.2015)
Кыргызстандыктарды кара тизмеден чыгаруу жөнүндө Россиянын чечими 2015-жылдын июль айынын ортосунан тарта күчүнө кирет.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Россиянын федералдык миграция кызматы мигранттардын кара тизмесинен 49 миң кыргызстандыкты чыгарат. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

30-июнда Кыргызстандын  РФтеги элчиси Болот Жунусов жана Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев Россиянын Федералдык кызматынын жетекчиси РФ Константин Ромодановский менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Анда Россияга кирүүгө убактылуу тыюу салынган жана РФге кирүүнүн мыйзамдарын бузуп, бирок аталган аймакта жүргөн кыргызстандыктарды кара тизмеден чыгаруунун жол-жоболору талкууланды.

Жолугушууда Ромадановский эки мамлекеттин катышуусундагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда россиялык тарап кара тизмеден Кыргызстандын 49 миң жаранын чыгаруу боюнча чечим кабыл алганын билдирген. Бул чечим 2015-жылдын июль айынын ортосунан тарта күчүнө кирет.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

249
Белгилер:
мигранттар, кара тизме, Константин Ромодановский, Алмазбек Асанбаев, Болот Жунусов
Тема боюнча
Кара тизмеден 20 миңдей кыргызстандык чыгышы мүмкүн
Спикер Жээнбеков: ЕАЭБге кирүү кара тизме көйгөйүн жеңилдетет
Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат
Рубль жана доллар акчалары. Архивдик сүрөт

Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү

139
(жаңыланган 10:27 11.06.2021)
Мигранттардын акчасы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Бул каражат болжол менен өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 759,2 миллион доллар келип түштү. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу гана жөнөткөн каражаты тууралуу болууда.

Өткөн жылы ушул эле мезгилде 534 миллион доллар келип түшкөн.

Жыл башынан берки маалыматтар 2020-жылга карата көрсөтүлгөн:

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллионго көп);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллионго көп);
  • апрель — 216,3 миллион (139,9 миллионго көп);

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу акча которуунун көлөмү кескин азайып кеткен. Мындай айырма апрель айында өтө чоң болгон. Азыркы тапта өнөктөш мамлекеттерде бир топ карантиндик чектөөлөр алынды.

Эгер азыркы статистиканы 2005-жылдан берки ушул эле мезгилдерге (январь-апрель) салыштыра турган болсок, быйыл рекорддук көрсөткүч болду. Буга чейин акча которуулардын эң жогорку чеги 2019-жылы катталып, 740 миллион долларды түзгөн.

Мигранттардын акчасы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Ал болжол менен өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

139
Белгилер:
рекорд, Кыргызстан, Акча которуулар, Мигрант, экономика
Тема боюнча
Кыргызстандан чыгарылган акча рекорддук чекке жетти. I кварталдын маалыматы
Быйыл 3 айда мигранттар Кыргызстанга канча акча которгону айтылды
Коронавирустан эмдөө учурунда. Архив

Россия мигранттардын өлкөгө кирүүсүн жеңилдетип, эмдөөгө белсенип жатат

162
(жаңыланган 10:14 08.06.2021)
Учурда Россияда эмгек мигранттары жетишпей, бөтөнчө курулуш тармагы жумушчулардын жоктугунан аксап жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россия өкмөтү эмгек мигранттарынын өлкөгө келүүсүн жөнөкөйлөтүп, чет өлкөлүктөрдү милдеттүү түрдө эмдөө маселесин кароодо. Бул тууралуу вице-премьер Марат Хуснуллин RTVI телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Россияда эмгек мигранттарынын аздыгы бөтөнчө курулуш тармагында сезилүүдө.

"Россия үчүн курулуш объектилеринде жумушчу күчүнүн жетишсиздиги өтө чоң тобокелдиктерге жана экономикалык алсыроого алып келет", — деген Хуснуллин.

Москва мэринин экономикалык саясат, мүлк жана жер байланыштары боюнча орун басары Владимир Ефимов буга чейин Россиянын борборунда эле 300 миңдей эмгек мигранты жетишпей жатканын билдиргени айтылат.

Ефимов, ошондой эле, чет өлкөлүктөрдүн келүүсүнө чектөөлөр көп болуп жатканын да белгилеген.

162
Белгилер:
жумуш, эмдөө, Мигрант, эмгек, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Чет өлкөдө эмгек келишими жок иштебеш керек. Адистин түшүндүрмөсү
"Манас" аэропортунан ПЦР-тест тапшырчулар 4-5 саат мурун келиши керек
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

0
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды