Азыранкулов: мигранттар үчүн макулдашуунун мөөнөтү өзгөртүлбөйт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМиграция кызматкери документтерди текшерип жатат. Архив
Миграция кызматкери документтерди текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр менен болгон маектин жүрүшүндө соцтармак пайдалануучуларынын бири "бюрократиядан улам" Россиядагы кыргызстандыктар үчүн миграциялык макулдашуунун мөөнөтү жылдырылбайбы деген суроо узатты.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Кыргызстандыктардын Россияда жүрүшүн мыйзамдаштыруу боюнча миграциялык макулдашуунун мөөнөтү өзгөрбөй турганын Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Sputnik агенттигинин түз алып көрсөтүүсүндө билдирди.

Азыранкулов министрликтин иши жана Москвада ачыла турган өкүлчүлүк тууралуу
Июнь айында президент Алмазбек Атамбаев РФ Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен Россиянын миграция мыйзамдарын бузган кыргызстандык жарандарга 10-июлдан 1-ноябрга чейин аталган өлкө аймагына ээн-эркин кирип-чыгуусуна жол ачуу тууралуу макулдашкан. Мында бул жарандарга эч кандай санкция колдонулбай тургандыгы каралган.

Министр менен болгон маектин жүрүшүндө соцтармак пайдалануучуларынын бири "бюрократиядан улам" Россиядагы кыргызстандыктар үчүн миграциялык макулдашуунун мөөнөтү жылдырылбайбы деген суроо узатты.

"Өткөн аптада министрлик жана КР элчилигинин өкүлдөрү ФМК жетекчилиги менен жолугуп, макулдашууну дагы бир ирет тактап чыгышты. 10-июлга чейин толук маалымат беребиз", — деди Азыранкулов.

Мындан тышкары, Санкт-Петербургда кыргызстандыктарга Россия аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга кол коюлган.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусун эске алуу менен ФМК тарабынан үч жылга чейин РФ аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандарга аталган өлкөгө баруусуна жол ачылды. Шарт боюнча мында тыюу салынган убакыттын жарымы өтүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0