Россияда мигранттардын укугун коргогон министрликтин өкүлчүлүгү ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква шаарындагы Кызыл Аянт. Архив
Москва шаарындагы Кызыл Аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкүлчүлүк Россия аймагында эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандар — эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо аларга көмөк көрсөтүү милдетин аркалайт.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

ЖК Россияда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн ачууну талкуулоодо
Документке ылайык, Макулдашуу КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүн уюштуруу тартибин жана укуктук статусун жөнгө салат. Россия аймагында эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандар — эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо аларга көмөк көрсөтүүнү аркалайт. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор КР тарабынан аткарылганы жөнүндө Россия тарапка жазуу жүзүндө кабарлама жиберүү тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0