Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата Россиянын Хабаровск шаарында волейбол үчүн эл аралык турнир өттү.

Эгемендүүлүктү Хабаровскидеги мекендештер күч сынашып майрамдашты

(жаңыланган 14:39 01.09.2015)
Жеңишке жетишкен жана мелдешке катышуу үчүн келген спорт сүйүүчүлөргө баалуу байгелер тапшырылды

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата Россиянын Хабаровск шаарында волейбол боюнч эл аралык турнир өткөнүн Кыргызстандын РФдагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешти Хабаровск шаарынын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев уюштурган.

"Волейбол боюнча турнир Хабаровск шаарында бир нече жылдан бери өтүп келет. Биринчи орунду кыргызстандык "Өзгөн" командасы камсыздаса, экинчи орунга Хабаровск шаарынын "Д.Н.О" командасы ээ болду. Ал эми үчүнчү орунду дагы бир кыргызстандык "Куба" командасы алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жеңишке жетишкен жана мелдешке катышуу үчүн келген спорт сүйүүчүлөрүнө баалуу байгелер тапшырылды. 

Белгилер:
элчилик, турнир, волейбол, Кыргызстан, Хабаровск
Екатеринбург шаарындагы мигранттар. Архив

Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

(жаңыланган 16:02 22.04.2021)
Жаңы эреже мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.

"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.

Ошондой эле жетекчи бул тизме учурда кайсы куруучу иштеп, кайсынысынын колу бош экенин аныктап, тез аранын ичинде аны жаңы объектиге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.

Белгилер:
реестр, курулуш, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат
Санкт-Петербуг шаарындагы Миграция кызматынын имаратынын жанындагы миграннтар. Архив

Россия мыйзамсыз келген мигранттардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартты. Шарты

(жаңыланган 10:27 22.04.2021)
Мигранттар өлкө аймагына мыйзамсыз келсе аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилери айтылды.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияга мыйзамсыз барган мигранттардын ал жакта жүрүү мөөнөтүн узартуу жана жашаган жеринде каттоого алуу чечими кабыл алынат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигинин чет элдик жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кайрылуусунда айтылды.

Россиянын аймагында мыйзамсыз баргандар ээн-эркин жүрүп, жашай турчу жерди тандай алары белгиленди. Бул өлкөнүн айрым экономикалык тармактарында жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Ошого карап чет элдик жарандарды курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасында иштөөгө мыйзамдуу түрдө тартуу аракети болуп жатканы айтылат.

"Россия президентинин 18-апрелиндеги жарлыгына ылайык, мигранттар өлкө аймагына келүү мыйзамын бузган учурда аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет", — деп айтылат кайрылууда.

Жалпылап айтканда Россияда мыйзамсыз жүргөндөр жашаган жери боюнча укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Алар мигрантка жана үй-бүлөсүнө тиешелүү документтерин бүтүргөнгө жардам беришет.

Белгилер:
мыйзам, узартуу, мөөнөт, Мигрант, ИИМ, Россия
Тема боюнча
Мигранттар Кыргызстанга январь айында канча акча которду
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат