Чет жердеги кыргызстандык жарандар өздөрүн шайлоо тизмесинен таппай жатышат

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Жогорку Кенеш" шайлосунун баракчасы. Архив
Жогорку Кенеш шайлосунун баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта жалпы кыргызстандыктардын шайлоого толук катышуусу үчүн мамлекеттин биометрикалык маалымат кабыл алуу жана тизме түзүү механизмдерин тез арада жөнгө салып, бул тууралуу жарандарга маалымат берүү зарылдыгы айтылат.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Чет өлкөдө жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандар шайлоого катышпай калышы мүмкүн экендигин "Замандаш" ассоциациясы билдирет.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 2,7 миллиондон ашты
Маалыматка ылайык, Италия, Германия, Россия мамлекеттериндеги кыргызстандыктар биринчилерден болуп биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого туруу үчүн бардык төлөмдөрдү өз убагында жүргүзгөнүнө карабастан, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен табышкан эмес. 

10 күндөн бери ири масштабда өтүп келе жаткан "Өзүңдү тизмеден текшер" акциясы бүгүн, 16-сентябрда аяктай турганын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирген.

Ал эми буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымат кабыл алуу 18-сентябрда аяктап, 20-сентябрда шайлоочулардын тизмесин түзүү соңуна чыгарын айтып келген.

"Чет жердеги кыргызстандык жарандар шайлоого катышар-катышпасын ушул убакка чейин так аныкташа элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта жалпы кыргызстандыктардын шайлоого толук катышуусу үчүн мамлекеттин биометрикалык маалымат кабыл алуу жана тизме түзүү механизмдерин тез арада жөнгө салып, бул тууралуу жарандарга маалымат берүү зарылдыгы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0