Тышкы миграциянын эсебин алууга электрондук виза системасы жардам берет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЭлектрондук виза системасы. Архив
Электрондук виза системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү система Кыргызстандын туристтик имиджи үчүн пайдалуу болору тышкы миграция боюнча өткөн жыйында айтылды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстанда электрондук виза системасын киргизүү зарылдыгы вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында айтылды.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, иш-чара Кыргызстандагы тышкы миграция эсебинин бирдиктүү системасын киргизүү маселесине арналган.

Жыйында чет элдик жарандарга Кыргызстанга кирүү үчүн виза алуусун жеңилдетүү максатында электрондук виза системасын киргизүүнү тездетүү зарылдыгы белгиленди. 

"Электрондук виза системасы мамлекеттин туристтик имиджине да оң таасирин тийгизет. Мындан тышкары, тышкы миграция процесстерин жакшыртууга, жарандыгы жок чет элдиктердин Кыргызстанга кирүүсүн жана республиканын аймагында жүрүүсүнө байланышкан маселелерди чечүүгө жана мекемелердин маалымат алмашуусун автоматташтырууга багытталган ", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эл аралык маршрут боюнча туристтик топтор аркылуу чек арадан өтүү жана жалпы пайдалануудагы жолдорду колдонуу тартибин жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0