Миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Архив

Азыранкулов: мигранттар боюнча Россия менен түзүлгөн келишим толук ишке ашкан эмес

156
(жаңыланган 15:16 30.09.2015)
Красноярск крайы өкмөтүнүн өкүлдөрү келишим Россия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий макулдашуулар боюнча маалыматтын өз убагында жеткирилбегенинен улам аткарылбай жатат деп эсептейт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиядагы кыргызстандыктар түзүлгөн келишимдерге карабастан, бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Новосибирск облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен билдирди.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы июнь айында түзүлгөн келишимдин алкагында РФнын миграциялык мыйзамын бузган кыргызстандык жарандарга 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрга чейин аталган өлкөнүн аймагына тоскоолдуксуз чыгып кайра кирүүгө уруксат берилген.

Азыранкуловдун айтымында, келишим толук кандуу аткарылбай жатканы аныкталган. Кыргызстандыктар дагы деле айрым кыйынчылыктарга туш болушууда.

"Федералдык миграция кызматы боюнча эч кандай көйгөй жок. Тоскоолдуктар башка мекемелер менен иштешүүдө башталды. Россиянын Чек ара кызматы, ИИМ жана башка структуралары протокол түзүшүп, биздин жарандарды келишимге карабай артка кайтарып жиберишкен", — деди министр.

Министрлик, элчилик өкүлдөрү жана депутаттар маселелерди чечүү үчүн облус губернаторлору менен жолугууну чечишкен.

"Биздин бир аймактын губернаторунун орун басарын аталган көйгөйлөрдү чечүүгө жоопкер кылуу сунушубуз колдоо тапты", — деди Азыранкулов.

Красноярск крайынын өкмөтүнүн вице-төрагасы Виктор Зубарев саясий чечимдердин тезинен кабыл алынышы тийиштүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кыйындатып жатканын белгиледи.

"Бардык макулдашуу ФМКга жеткени менен ИИМге жетпей калышы мүмкүн. Бул жерде техникалык жагдайлар себеп болуп жатат", — деди ал. 

Июнь айында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановский менен келишимге кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен үч жылга Россияга кирүүгө тыюу салынып, мөөнөтүнүн жарымы өткөн кыргызстандык жарандарга жол ачылган.

Буга чейин тыюу салынган 49 миң жарандын 16 миңине Россияга кирүүгө уруксат берилген.

156
Белгилер:
жаран, келишим, миграция, маалымат, Айбек Азыранкулов
Тема боюнча
ТИМ: Алматыдагы кыргызстандык мигранттар шайлоого катышууга дилгир
Азыранкулов: мигранттар үчүн макулдашуунун мөөнөтү өзгөртүлбөйт
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин мигранттар боюнча жарлык чыгарды. РФ элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды

16614
(жаңыланган 00:23 22.06.2021)
Россияда жүрүү мыйзамын бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия элчилиги Владимир Путиндин коронавирустун тарап кеткен кесепеттерин жоюу маалында чет элдик жарандардын же жарандыгы жок жүргөн адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убактылуу чараларды караган жарлыгы боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

15-июнда президенттин мигранттардын Россияга келүүсү боюнча чыгарган жарлыгынын мөөнөтү бүтөт. Кеп мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам РФте жүрүү боюнча документтерин узартууга болбой турган буйрук тууралуу болуп жатат. Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктерди миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация кылынбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу ашыкча.

Россияда орнотулган тартипти бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Ал эми мурда башка бир максат менен келген чет элдиктер арызына жаңы максатты көрсөтүп, анысы менен Россияга чындыгында эмнеге келген себебин билдире алышат деп белгилеген элчилик.

Миграциялык каттоого туруу үчүн берген арызында иш берүүчү менен түзүлгөн расмий эмгек же укуктук-жарандык келишим болушу керек.

Эгерде мигранттын бул документи жок болсо, ага айып пул салынат. Эгерде эки ирет айыпка жыгылып, ал өлкөдөн чыгарыла турган болсо, анда өзү эле эртерээк, 30-сентябрда, Россиядан кетип калганы оң.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

Элчилик кыргызстандыктарды Россияда мыйзамдуу жүрүүгө жол ачкан бардык процедураларды 30-сентябрга чейин бүтүрүп алууну суранган.

16614
Белгилер:
мыйзам, айып пул, жарлык, Мигрант, Владимир Путин, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив

Собянин: Москвада мигранттарды эмдөө июлда башталышы мүмкүн

165
(жаңыланган 14:23 18.06.2021)
Собяниндин айтымына караганда, мигранттарды COVID-19га каршы эмдөө үчүн "Спутник Лайт" препараты колдонулат. Россияда алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москвада июль айынын башында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.

Анын айтымына караганда, вакцинацияга "Спутник Лайт" препараты колдонулушу ыктымал.

"Өткөн жылы биринчи кезекте Россиянын жарандарын эмдөөдөн өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чектөөлөр ушуга гана байланыштуу. Учурда "Спутник Лайт" даярдала баштады. Негизи бул "Спутниктин" биринчи классикалык компоненти. Аталган препарат менен мигранттарды эмдөөгө уруксат алууну көздөп жатабыз. Биздин эсеп боюнча эмдөө июлда башталат", — деди Собянин.

Россиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

165
Белгилер:
Сергей Собянин, эмдөө, вакцина, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат
Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан боз үйлөр. Архивдик сүрөт

Тоого кар жаайт. Бейшембиге карата аба ырайы

0
24-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы