Урал Кыргызстан менен кызматташууга дилгир

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРоссиянын Свердлов облусундагы Екатеринбург шаары. Архив
Россиянын Свердлов облусундагы Екатеринбург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда министр кыргызстандык жарандардын укуктук абалына басым жасады. Учурда Россиянын Свердлов облусунда 26 миң кыргызстандык жашайт.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россиянын Свердлов облусунда жашаган кыргызстандыктардын турмуш шартын эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов аталган облустун губернатору Евгений Куйвашев менен талкуулады.

Миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыранкулов: мигранттар боюнча Россия менен түзүлгөн келишим толук ишке ашкан эмес
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Азыранкулов кыргызстандык жарандардын укуктук абалына басым жасады.

Өз кезегинде Куйвашев экономика жаатында кызматташууга, ошондой эле Кыргызстандан келе турган студенттер үчүн квотаны көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, 4-октябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоону Урал округунда өткөрүүгө бардык жагынан жардам берерин айтты.

Учурда Россиянын Свердлов облусунда 26 миң кыргызстандык жаран жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0