Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромадановский Айбек Азыранкулов менен жолугушуу учурунда.

ФМК: Кыргызстандын 150 миң жараны дагы деле кара тизмеде

192
(жаңыланган 10:50 04.10.2015)
Россияда жүрүү эрежелерин бузган кыргызстандыктар өлкө ичинде жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн сыртка чыгып, кайта кириши керек.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Кара тизмеге" түшүп калган  бардык кыргызстандык студенттерге окуусун улантуу үчүн Россиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромадановский Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов менен жолукканда билдирди.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине киришинен улам, 40 миңден ашык кыргызстандыкка Россиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди.

Андан сырткары, 30 миңден ашык кыргызстандык өлкө аймагынан чыгып кирип, Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырган.

"Россияда жүрүү эрежелерин бузган Кыргызстандын 150 миң жараны дагы деле өлкө ичинде жүрөт. Алар өздөрүнүн өлкө ичинде жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн сыртка чыгып, кайта кириши керек", — деди Ромадановский.

Тараптар, андан сырткары, Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган жарандар медициналык жардамга муктаж болуп жана үй-бүлө мүчөлөрү РФ жараны болсо алардын өлкө аймагына кирүүсүн ылдамдатуу жагын талкуулашты.

Ромодановский бул маселелерди чечүү улантыла турганын эмгек, миграция жана жаштар министри Азыранкуловго билдирди.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат экендиги тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

192
Белгилер:
миграция, кара тизме, Константин Ромодановский, Айбек Азыранкулов, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Sputnik Кыргызстан кара тизмеден чыгуу жолдору көрсөтүлгөн маалымат баракча чыгарды
"Кара тизмеден" 10 миң кыргызстандык мигрант чыкты
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин мигранттар боюнча жарлык чыгарды. РФ элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды

16629
(жаңыланган 00:23 22.06.2021)
Россияда жүрүү мыйзамын бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия элчилиги Владимир Путиндин коронавирустун тарап кеткен кесепеттерин жоюу маалында чет элдик жарандардын же жарандыгы жок жүргөн адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убактылуу чараларды караган жарлыгы боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

15-июнда президенттин мигранттардын Россияга келүүсү боюнча чыгарган жарлыгынын мөөнөтү бүтөт. Кеп мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам РФте жүрүү боюнча документтерин узартууга болбой турган буйрук тууралуу болуп жатат. Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктерди миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация кылынбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу ашыкча.

Россияда орнотулган тартипти бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Ал эми мурда башка бир максат менен келген чет элдиктер арызына жаңы максатты көрсөтүп, анысы менен Россияга чындыгында эмнеге келген себебин билдире алышат деп белгилеген элчилик.

Миграциялык каттоого туруу үчүн берген арызында иш берүүчү менен түзүлгөн расмий эмгек же укуктук-жарандык келишим болушу керек.

Эгерде мигранттын бул документи жок болсо, ага айып пул салынат. Эгерде эки ирет айыпка жыгылып, ал өлкөдөн чыгарыла турган болсо, анда өзү эле эртерээк, 30-сентябрда, Россиядан кетип калганы оң.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

Элчилик кыргызстандыктарды Россияда мыйзамдуу жүрүүгө жол ачкан бардык процедураларды 30-сентябрга чейин бүтүрүп алууну суранган.

16629
Белгилер:
мыйзам, айып пул, жарлык, Мигрант, Владимир Путин, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив

Собянин: Москвада мигранттарды эмдөө июлда башталышы мүмкүн

167
(жаңыланган 14:23 18.06.2021)
Собяниндин айтымына караганда, мигранттарды COVID-19га каршы эмдөө үчүн "Спутник Лайт" препараты колдонулат. Россияда алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москвада июль айынын башында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.

Анын айтымына караганда, вакцинацияга "Спутник Лайт" препараты колдонулушу ыктымал.

"Өткөн жылы биринчи кезекте Россиянын жарандарын эмдөөдөн өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чектөөлөр ушуга гана байланыштуу. Учурда "Спутник Лайт" даярдала баштады. Негизи бул "Спутниктин" биринчи классикалык компоненти. Аталган препарат менен мигранттарды эмдөөгө уруксат алууну көздөп жатабыз. Биздин эсеп боюнча эмдөө июлда башталат", — деди Собянин.

Россиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

167
Белгилер:
Сергей Собянин, эмдөө, вакцина, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат
Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан боз үйлөр. Архивдик сүрөт

Тоого кар жаайт. Бейшембиге карата аба ырайы

0
24-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы