Кара тизмеден чыккан КР жарандарынын саны көбөйдү

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАэропортто документ текшерүү. Архив
Аэропортто документ текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россияда жүрүп миграциялык мыйзам бузган 28 миң 360 жаранга өлкө аймагынан чыгып, кайра кирүүгө уруксат берилди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап кара тизмедеги 41 миң 639 кыргызстандык жаран үчүн Россияга жол ачылганын Кыргызстандын РФдагы элчилиги билдирди.

ФМК: Кыргызстандын 150 миң жараны дагы деле кара тизмеде
Маалыматка ылайык, аталган жарандарга Россиянын аймагына кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынган. Санкт-Петербург шаарында жетишилген макулдашууларга ылайык, белгиленген үч жылдык мөөнөттүн жарымы өткөндөн кийин Россияга кирүүгө жол ачылмак. 

Учурда Россияда жүрүп миграциялык мыйзам бузган 28 миң 360 жаранга өлкө аймагынан чыгып, кайра кирүүгө уруксат берилди.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга аларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0