Операция залын даярдоо. Архив

Абийирин сактайм деп балкондон кулап кеткен Канайым, азыр жардамга муктаж

1080
(жаңыланган 15:06 19.10.2015)
Москвада үйүн жыйнатам деп чакырып, арам оюн ишке ашырууга аракет кылган зордукчунун колунан араң кутулган 20 жаштагы студент Канайым учурда кымбат операцияга муктаж.
Абийирин сактап балкондон секирген Канайым, азыр жардамга муктаж

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Ал абийирин, намысын сактайм деп 7-кабаттын балконунан 6-кабаттын балконуна түшөм дегенде колу сыйгаланып кулап кеткен. Бактыга жараша, ал дароо жерге түшпөй, бак-дарактын үстүнө түшүп, омурткалары жана жамбашы сынган.

Ал эми бул окуяга шектүү делип, 31 жаштагы жаранга кылмыш иши козголгон. Ал кармалып, учурда тергөө абагында.

Канайымдын апасы Гүлшан Матаеванын Sputnik агенттигине билдиришинче каргашалуу окуя 19-сентябрда болгон.

"Кызым студент. Дем алыш күндөрү бош болгондуктан "кошумча жумуш катары үй жыйнайм" деп сайтка жазып койгон экен. Тигил үйүн жыйнатам деген киши телефон чалып чакырган. Кызымдын адамдан жамандык күтпөгөн пейили бар. Үйдү жыйнап бүтүм калганда тигил киши тийишип баштаптыр. Анан ушундай кырысык болуп кетти", — деди ал.

Матаеванын айтымында, арам оюн ишке ашырам деген киши Кыргызстандын жараны.

"Тергөөчүдөн ал жаранды кыргызстандык экен деп угуп калдык. Улуту башка экен. Берилген ID-паспортунда Таласта жашайт деп жазылыптыр. Сураштырсак, ал жакта жашабай турганын айтышты", — дейт ал.

Учурда Канайымга кымбат операция жасатуу керек. Москвалык дарыгерлер анын 7-кабаттан кулап, аман-калганына таң калышууда. Анын басып кетиши үчүн 500 миң рублдик операция жасатыш керек. Андан кийинки операциялары үчүн да каражат керектигин дарыгерлер айтканын Гүлшан Матаева билдирди.

"Москвада кыйын. Дарыгерлер 500 миң рублду банктагы эсепке саласың андан кийин операция жасайбыз деп жатышат. Операциядан кийин дагы 300 миң рубль керек экен. 800 миң рублду мен Москвада сегиз жылдан бери жүрсөм деле таппайт элем. Ыйлап атып 500 миңди таптым дагы 300 миң керек болуп атат", — деди ал.

Кызга операция качан жасалары белгисиз. 

Канайымдын башына келген окуяга кайдыгер карабаган мекендештер да колунан келген жардамды берип жатышат. Москвада жашаган Жылдыз Осмонова Канайымдын окуясы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, мекендештерди жардам берүүгө чакырды.

Учурда мекендештер 26 миң рублдан ашык каражатты чогултушту.

20 жаштагы Канайым бул сүрөткө жакында эле түшкөн. Апасына жардам берип, иштебестен гана Москвадагы жогорку окуу жайга…

Posted by Жылдыз Осмонова on 15 октября 2015 г.

Гүлшан Матаева 2009-жылдан бери Россияда иштейт. Кызы Канайым Москвага 2013-жылы келген. Ал окуусунан тышкары бош убактысында жалгыз бой апасына жардам берип жүргөн. Канайым Гүлшан Матаеванын экинчи кызы. Анын төрт кыз, бир уулу бар.

1080
Белгилер:
операция, зордуктоо, мигранттар, Москва
Тема:
Абийирин сактайм деп Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан кулап кеткен Канайым (5)
Тема боюнча
ФМК мигранттарды мөөнөтсүз патентке өткөрөт
Азыранкулов: мигранттар боюнча Россия менен түзүлгөн келишим толук ишке ашкан эмес
Россиядагы мигранттар. Архив

ЕАЭБ пенсиясын кимдер кандай шартта алышат? 7 суроого жооп

272
Шейшемби, 12-январь күнү, ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясы иштеп чыккан келишим күчүнө кирди.

Никита Чикунов

Ал биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн аймагында ишке ашат. Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргызстан мигранттарга пенсия төлөп берүүгө милдеттүү.

Эмгек стажы кантип эсептелет?

2021-жылдын 12-январынан кийинки гана учур эске алынат. Эгер бир өлкөдө иштеген стаж пенсияга чыгууга жетиштүү болбой жатса, ЕАЭБге кирген башка мамлекеттеги иштеген учурлар кошо эсептелет.

Пенсияны ким ала алат?

Пенсия алыш үчүн мигрант аталган келишим күчүнө киргенден баштап өлкөдө бери дегенде 12 ай иштеши зарыл. Мындан тышкары, ал эмгектенип жаткан мамлекеттин социалдык же пенсиялык фонддоруна убагында тиешелүү төлөмдөрдү төлөп турууга милдеттүү.

Пенсия кантип чегерилет?

Пенсияга курагы жеткен жаран тиешелүү документтерин чогултуп, иштеп жаткан өлкөнүн социалдык же пенсиялык фондуна кайрылуусу зарыл. Эгер документтери жайында болсо, ал өз мекенине барып отурбай, ошол эле жерден пенсиясын ала баштайт.

Пенсия кайсы төлөмдөрдөн куралат?

ЕАЭБ пенсиясы базалык жана экспорттолгон болуп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү адам жашаган мамлекет тарабынан төлөнөт. Экспорттолгон бөлүгүн ал мурда иштеген өлкө (ЕАЭБдин курамындагы) жиберип турат.

Мисалы, Кыргызстандын жараны аталган келишим күчүнө киргенден кийин Россияда — беш, Беларуста — төрт, Арменияда — бир жыл иштеп, кийин мекенине кайтты дейли. Ал жакта дагы бир аз убакыт эмгектенди. Демек, ал төрт мамлекеттен тең пенсиясынын экинчи бөлүгүн алат. Ал эми базалык бөлүгүн ага ошол учурда жашап жаткан өлкө катары Кыргызстан төлөйт.

Кайсы өлкөдө базалык пенсиянын көлөмү кандай?

  • Армения — 18 миң драм (3 миң сомдон ашыгыраак);
  • Беларусь — базалык пенсия эмгек стажына жараша аныкталат;
  • Кыргызстан – 1,5 миң сом жана кошумча төлөмдөр;
  • Россия — 6044 рубль, кошумча төлөмдөр бар.

Башка өлкөгө кетсе, пенсиянын көлөмү өзгөрөбү?

Бир өлкөдөн экинчисине көчүп кете турган болсо, пенсиянын көлөмү кайра каралып чыгат. Анткени жогоруда айтылгандай, базалык бөлүктүн көлөмү ар кайсы өлкөдө ар башка. Бирок эмгек стажы боюнча пенсиясы мурдагыдай кала берет.

Ким пенсия ала албайт?

ЕАЭБ пенсиясын күч органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала албайт. Ошондой эле булардын катарын мамлекеттик кызматкерлер дагы толуктайт.

272
Белгилер:
мигранттар, пенсия, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБ мигранттарына пенсия төлөө боюнча келишим күчүнө кирди
Былтыр 11 айда мигранттар 2,1 млрд. доллардан ашык акча которду
Мамлекеттик думанын депутаты Никита Березин

Мамдума депутаты: кыргызстандыктар Россияда ишсиз калбайт

436
(жаңыланган 18:17 13.01.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, жакын арада мигранттар Россиянын эмгек рыногунан өздөрүнө ылайыктуу жумуш тапса болот.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россияга кайрадан кетип жаткан кыргызстандыктар мурда иштеп жүргөн тармактардан жумуш таба алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Мамлекеттик думанын депутаты Никита Березин билдирди.

"Биздин өлкөгө иштегени келип жаткан чет элдиктер жергиликтүү калктай эле өзүн ыңгайлуу сезип, көздөгөн нерсесине жетиши үчүн Мамлекеттик дума мыйзамдарды кабыл алып жатат. Россияга мурдагыдай эле куруучулар, шыбакчылар сыяктуу адистер керек", — деди Березин.

Ошондой эле ал пандемия айрым нерселерди өзгөртүп койгонун, андыктан айрым мигранттар жаңы нерселерди өздөштүрүшү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал азыр дүйнө элинин негизги максаты коронавирусту жеңип чыгуу экенин билдирди.

436
Белгилер:
Мамлекеттик Дума, депутат, жумуш, миграция, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялык депутат Мамлекеттик Дума КРге кандай мамиледе экенин айтты
ЕАЭБ мигранттарына пенсия төлөө боюнча келишим күчүнө кирди
Pfizer вакцинасы. Иллюстративдик сүрөт

ЖМК: Pfizer вакцинасын жарактуу деп тапкан агенттик кысымга учураган

0
(жаңыланган 13:18 18.01.2021)
Интернетке Pfizer-BioNTech вакцинасынын жарактуу деп бекитилишинен шек санаткан маалыматтар чыгып кетти. Анда айтылгандардага караганда, препаратты айрым кемчиликтерине карабай, шашылыш түрдө даяр деп жарыялап коюшкан.

Лиз Барнео

Уурдалып, интернетке жарыяланып кеткен маалыматтар боюнча Pfizer-BioNTech вакцинасын жарактуу деп бекитип берген агенттик мындай чечимди кысым көрсөтүүлөрдүн алдында кабыл алган.

Вакцина тууралуу документтер Европанын дары каражаттары агенттигинен (ЕДКА) уурдалып, декабрь айында жарыяланган. Маалыматтар франциялык Le Monde басылмасына жетип, европалык журналисттер тобу иликтеп көрдү.

Папкада Pfizer-BioNTech препаратынын кантип бекитилгендиги боюнча 20 бөлүмдөн турган документтер камтылган. Алардын ичинде аталган агенттиктин жооптуу кызматкерлери жазган 19 кат бар. Анын ичинен беш кат препараттарды бекитүү процесси айрым эрежелерди бузуу менен ылдамдатылганын далилдеп турат.

12-ноябрдагы жазылган катта ЕДКАнын бир кызматкери Европа биримдигинин (ЕБ) саламаттык сакттоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес менен сүйлөшүүсү боюнча айтат.

Анда Кириакидес "Европанын бардык мамлекеттери бир учурда вакцина алышы керектигин" айтып, аны расмий бекитип берүү процесси ылдамдатылышы керектигин билдирет. Ошол эле учурда эгер эпидемия болуп кетсе, ЕБдин курамына кирген өлкөлөр препаратты ЕДКАнын жактыруусу жок эле пайдалана берерин айткан.

19-ноябрь күнү агенттиктин жогорку кызматты аркалаган өкүлү Европа комиссиясында "өтө оор атмосферада өткөн" жыйын тууралуу кат жазган. Анда вакцинанын канчалык деңгээлде даяр экенине карабай бекитип бербесе, ЕДКА бир топ көйгөйлөргө кабылары айтылган.

Ошол эле аткаминер эртеси күнү Даниянын дары-дармектер агенттигине кат жолдогон. Анда "Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Pfizer-BioNTech жана Moderna препараттары жылдын аягына чейин бекитилет дегени мени таң калтырды. Экөөндө тең азырынча кемчиликтер бар" деп баяндаган.

Мындан кийин кандай көйгөйлөр бар экени айтылат. Тагыраагы, Pfizer-BioNTech вакцинасынын кемчиликтери жөнүндө сөз болот.

Ноябрь айында аталган агенттик вакцинанын мынчалык эрте чыгып кетишине карата төмөндөгүдөй үч каршы пикирин айткан:

  • айрым өндүрүү аянттарынын жарактуулугу боюнча макулдашуулар жок;
  • коммерциялык жол менен берилчү вакциналар боюнча маалымат жок;
  • эң негизгиси, коммерциялык жол менен берилчү вакцина менен клиникалык сыноо учурундагы вакциналардын сапаты боюнча айырма чыгып калышы.

Дал ушул акыркы пункт препараттын сапатын текшерип жаткан тарапты түйшөлткөн.

"Чекеге чыккан чыйкан"

Чындап эле клиникалык сыноо болуп жаткан учурдан тарта вакцина массалык өндүрүлө баштаганга чейин бир топ өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, башка заводдор ишке кирип, санды көйбөйтүү талабы коюлган. Дал ушул өзгөрүүлөр вакцинанын курамында рибонуклеин кислотасынын (РНК) көлөмү азайып калышына себепкер экени айтылат. Ал эми бул зат органзимге кирген соң иммунитетке вирусту таанып, ага каршы турууну үйрөтөт.

Рибонуклеин кислотасынын көлөмү клиникалык сыноо учурундагы препараттарда 69-81 пайыз болсо, сатыкка чыккандарда орто эсеп менен 59 пайыды түзгөн. Атургай айрым партияларында бул көрсөткүч 51-52 пайызга түшүп кеткен учурлар болгон. Агенттикти дал ушул түйшөлтүп жаткан.

Мындан улам РНКнын азыраак болуп калышы, анын эффективдүүлүгүнө кандай таасир этет жана бул дегеле организмге кооптуу эмеспи деген суроо пайда болот.

20 жылдан бери РНК вакциналар менен иштеп келе жаткан Цюрих университетинин алдындагы оорукананын адиси Стив Пасколо бул препаратты текшерип жатканда РНКсы айрым учурларда аз болсо, айрым учурда, тетиринче, көп болуп кеткен мисалдар бар экенин айтат.

"Көп болуп калса дагы кыйын, вакцинанын иштөө процесси татаалдап кетет", — деди ал.

Бирок ЕДКА берген отчётторунда бардык вакциналардын курамынын туптуура 62 пайызы РНКдан турары айтылган.

Анткен менен АКШнын Тамак-аш жана медикаменттерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы мындай кемчиликтер менен препараттын шашылыш түрдө жарактуу деп кабыл алынып калышын байланыштырбоо керектигин айтат. "Бул көзөмөлдөөчү органдар менен өндүрүп жаткандардын кемчилиги. Негизи ЕДКА берген уруксат вакцинанын өзүнө толугу менен берилген жок. Аны убактылуу колдонууга берилди. Демек, дагы деле препараттарга талап, чектөөлөр күч. Бул нерсе кайсы бир регионго сапатсыз вакцина түшүп калышына жолтоо болот", — деп айтылат каттардын биринде.

"Каршы туруу"

26-ноябрь күнү BioNTech жана Pfizer компаниялары ЕДКАга жооп беришкен. Докладда ар кайсы өндүрүш жайлары текшерилгенин айтып, чындап эле РНКнын көлөмүн эң аз дегенде 60 пайызга көтөрүү керектигин кошумчалашкан.

Бирок вакцина өндүрүүчүлөр кийин Comirnaty вакцинасы боюнча докладында РНКнын көлөмү анын эффективдүүлүгүнө таасир тийгизбеши керектигин жана зыянсыз экенин жазышкан.

Мындай пикир ЕДКАны ынандыра алган эмес, анткени акыркы билдирүүлөрдө дагы препараттардын кемчилиги боюнча айтып берген. Көп өтпөй агенттик менен өндүрүүчү компаниялардын каты жарыяланган.

"Биз муну чоң кемчилик катары карап жатабыз. Андыктан продукцияны көзөмөлдөө боюнча мындан дагы катуу стратегия болушу керек. Докладдардын биринде өндүрүш убагында түзөтүүлөр киргизилген учурда РНКнын көлөмү 75 пайызга чыгышы мүмкүн экенин айтыптырсыңар. Бирок бул дагы клиникалык сыноо учурундагы колдонулган вакциналардын курамына туура келбей жатат", — деп жазылган ЕДКАнын катында.

15-январь күнү BioNTech менен Pfizer өндүрүш кайрадан кечиктирилип жатканын жар салып, керектүү көлөмдө вакциналар Бельгиянын Пурс шаарындагы заводдо жасалып жатканын кошумчалашты.

Акыры Европанын дары каражаттары агенттигинен компаниялар РНКнын көлөмү боюнча көйгөйдү чече алганын билдиришти.

0
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Европа
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда