Гиннестин рекордун жаңырткан Алтынбек

© фото предоставлено Алтынбеком БекмуратовымАлтынбек Бекмуратов сертификат алып жаткан учурда. Архив
Алтынбек Бекмуратов сертификат алып жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Алтынбек Бекмуратов шахмат тактайына 70 сантиметр бийиктиктеги фигураларды 1 мүнөт 44 секундда тизип, Гиннестин рекордун жаңылады.
Гиннестин рекордун жаңырткан Алтынбек

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Учурда Москва шаарында иштеп жүргөн 26 жаштагы Алтынбек Бекмуратов октябрдын башында шахмат тактайына фигураларды тизүү боюнча Гиннестин рекорддун жаңылап, Кыргызстандын атын алыска таанытты.

Алтынбектин айтымында, ал Гиннестин рекордуна кирем деп деле ойлогон эмес. Болгону, мындай мүмкүнчүлүктөн колдонуп калууга аракет кылган. 

"Москва шаарында ири соода борбору ачылып, Гиннестин рекорддор китебине кирген эң кыска жана эң узун кишилер келишти. Соода борборуна келген ар бир жаранга Гиннестин рекорд китебине киргенге мүмкүнчүлүк берилди. Үй-бүлөм менен соода кылып жүрүп катышып көрөйүн дедим", — дейт ал.

Бекмуратов өз күчүн шахматтын фигураларын тизүүдөн тышкары фитнес тактайчасына эң бат түшүп-чыгуу жана матрешканы көздү жуумп чачып-чогултуу боюнча сынаган. Матрешканы чогултууда жакшы жыйынтык көрсөткөнү менен, андан да кыйындар көп болгонун кошумчалады.

© фото предоставлено Алтынбеком БекмуратовымРекордсмен книги Гиннеса Алтынбек Бекмуратов
Рекордсмен книги Гиннеса Алтынбек Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Рекордсмен книги Гиннеса Алтынбек Бекмуратов

Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө мүмкүнчүлүк тандалып отуруп саналуу гана кишиге берилген. Алардын ичинде Алтынбек Бекмуратов да болгон. Ал окуя кандай болгонун мындайча айтып берди.

"Гиннестин өкүлдөрүнүн алдында бир эле мүмкүнчүлүк берилет экен. Бирок ага чейин тандоо турунда үч жолу мүмкүнчүлүк берилди. Мен биринчисинде эле финалга чыгууга жолдомо алдым. Гиннестин өкүлдөрүнүн алдына келгенде рекорддук көрсөткүчтү жаңылай алдым", — дейт ал.

Алтынбек Бекмуратов шахмат фигураларын тизүүдө өзгөчө тактиканы колдонгонун айтат. Ал башкалардай болуп күчүнүн болушунча чуркабай, капталдап чуркаган. Бул ыкма анын күчүн жана убактысын үнөмдөдү деп ойлойт.

70 сантиметрлик шахмат фигураларын тизүүнүн өзүнүн эрежеси бар. Ага ылайык, аны бир кол менен гана тизип, алгач ак фигуралардан, андан соң караларын тизүү керек.

"Шахматтын фигураларын эреже боюнча чуркап тизиш керек экен. Андан сырткары, оң кол менен гана актарды биринчи, андан кийин гана караларды тизет экенсиң. Чектен чыгып кетсе, эреже бузду деп оюндан чыгарылат экен. Көбү ошондон адашып атышты", — дейт ал.

26 жаштагы Алтынбек Бекмуратов Москва шаарында вентеляция коюп иштейт. Ал Москва шаарына 2012-жылы келген. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0