Сариев: 15 миңге чукул кыргызстандык мигрант "кара тизмеде" калууда

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМигранттар Москва шаарында. Архив
Мигранттар Москва шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" 75 миңден ашуун кыргызстандык катталган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Россиянын "мунапысынан" кийин Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" 15 миң кыргызстандык жаран бар экенин премьер-министрликке талапкер Темир Сариев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Банктан акча алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мигранттардан келген акча солгундап калды
Буга чейин Россиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" 75 миңден ашуун кыргызстандык катталган.

Анын айтымында, мындан сырткары 30 миңден ашуун мигрант легалдашкан, калганы боюнча маселе чечилип жатат.

2015-жылдын июнь айында Россиянын миграциялык мыйзамын бузган кыргызстандык жарандарга легалдашуу үчүн 10-июлдан баштап 1-ноябрга чейин өлкөдөн чыгып кайра кирүүгө уруксат берилген.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат экенин Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0