Алматыда иштеген кыргызстандык мигранттар акысыз медициналык кароодон өттү

© Фото / фото предоставлено Ошским областным казыятомДарыгер медициналык кароо өткөрүп жатат. Архив
Дарыгер медициналык кароо өткөрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күнгө созулган иш-чара Алматы шаарынын базарларынын биринде эмгектенген кыргызстандык мигранттар кургак учукка каршы күрөшүү алкагында өттү.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарындагы базарлардын биринде эмгектенген кыргызстандык мигранттар акысыз медициналык кароодон өткөнүн "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Мурас" кыргыз этно-маданий коому жана "Камкордук" кризистик борбору тарабынан уюштурулган. Мында базарда иштеген мигранттар флюорографиядан өтүп жана башка адистерден текшерилүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

"Мурас" коомунун төрагасы Руслан Мамыровдун айтымында, учурда кыргызстандык мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү маселеси абдан курч турат.

"Бул эмгектенгендердин көбү колу бошобой же финансылык каатчылыктан улам ден соолугуна жетишерлик көңүл бөлбөйт. Мындай иш-чаралар туруктуу мүнөзгө ээ болот деген ишеним бар", — деди ал.

Мигранттардын ден соолугун текшерүү иш-чарасы бир күнгө созулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0